“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

А.Аралбаев орто мектебинде 23-сентябрь күнү тил күнүнө карата салтанаттуу азем болуп өттү

10 Октябрь 2016 жыл 19:08
Көрүүлөрдүн саны: 302

23-сентябрь мамлекеттик тил кунуно карата кыргыз тилчи мугалимдердин жумалыгы болуп отту. Ал жумалыкка 7-класстан,11-класска чейинки окуучулар жана кыргыз тилчи мугалимдер катышышты.

20160923_121117Бул жумалык боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими Таалайкул эже мындай деди.

ezhej«Мен Таалайкүл Токсобаева Абдылда Аралбаев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп иштейм. Биз ушул мамлекеттик тил кунуно арналган ар жыл сайын декаданын ачылышы менен биз ар тараптуу отуп келгенбиз.Быйылкы жыл тарых жана маданият жылына карата биз ушул көчту чагылдыруу менен декаданы ачып бердик. Бул жумалыктын ачылышында 11-класс Үркунду, 10-класс кыргыз бийлерин,9-класстар көчмөн кыргыздарды,8-класс Манасты чагылдырып чакан концерт коюп беришти, жалпы жумалыктын ачылышына 60тай окуучу катышышты.Жыл сайын өтүүчү жумалыктын максаты Үркунду, Манасты,кыргыздар көчмөн болгонун жана биздин басып өткөн жашоо турмушубуздун, илгертен келе жаткан каада-салттарыбызды, улуттук ойундарды жандандырып жаш өсүп келе жаткан окучуларга тааныштыруу максатында бул иш-чаранын өтүп келебиз.
Буга чейин Кыргыз эли көптөгөн азап-тозокторду башынан кечиргендиги жана ошол кыйынчылыктардын баарын жеңип чыгып ушундай эгемендүүлүккө жетишкендигибиз тууралуу окуучуларыбыз маалымат ала алыштыго деп ойлойм деп билдирди Таалайкүл Токсобаева .

20160923_121057

20160923_122202

Ушул эле жумалыкты уюштуруучусу  Тоюнкүл Ашыралиева эже бул болуп өткөн жумалык боюнча ойун мындай деп билдирди.

ezhekoouu

«Мамлекеттик тил күнүнө арналган кыргыз тилчилердин күчу менен даярдалган салтанаттуу азем ийгиликтүү аяктады.Бул жумалыктын максаты быйылкы тарых жана маданият жылына карата тилди эгемендүүлүккө даңазалоо максатында уюштурганбыз жана максатыбызга жеттик деп ойлойбуз. Буга чейин былтыркы жылдагы,андан да мурунку жылдардагыларга караганда быйылкы жумалыктын өзгөчөлүгү зор.Тил күну абдан өзгөчө күн анткени Кыргыз элибиз өзүнчө улут экенибизди далилдеп турат. Эми бул жумалыкка 7-класстан өйдө катышты жана кичинекей класстардан тандалып алынды»

20160923_122711

20160923_122238

Ушул эле жумалыктын ачылышына карата катышуучу 9-классынын окуучулары Ажар жана Нурмира экөө бул майрам боюнча мындай деп ойлорун билдиришти.

20160923_131027

Менин атым Белек кызы Ажар меники Нурмира Таалайбек кызы бул жумалыктын ачылышы абдан жакшы болду, негизинен бизге 11-класстардыкы жакты өзгөчө болду.Жалпы эле буга чейин мындай иш-чаралар болуп турчу бирок бул жолкусу абдан өзгөчө болду деп айта алабыз.

20160923_122728
Биз дагы мындай иш-чаралары дагы көп-көп болуп турушуна тилектешбиз жана баардыгына ийгилик кааламакчыбыз.

Автор: Дилде Шатан кызы.
Тренер: Ырысбай Адамалиев.

Сынак үчүн.