“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейи оңолууда

10 Октябрь 2016 жыл 10:36
Көрүүлөрдүн саны: 252

Куланак айылындагы Жеңиш Арыпбеков  атындагы №86 кесиптик лицейинин чатырынан 5жылдан бери суу тамчылачу. Быйыл демөөрчүлөр тарабынан оңолуу иштери журүүдө.

litsej1

“Мен Малик Шаршенбекович ушул окуу жайдын директору  болуп иштейм. Азыр биздин лицейибиздин  чатырын оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. “Азия”өнүктүрүү банкына чатырын жаптырсам, жеңил кробле менен жабып, бирок биздин климаттык шартка туура келбей тамчы тама баштаган. Быйыл жайында финансы министрлиги тарабынан 1 млн 700миң сом бөлдүргөм. Электрондук сатуу жүргүзүп, электрондук порталга тендер жарыялаганбыз. Тендерди “Керим” курулуш  фирмасы  утуп алып,  материалынын баарын алып  келип, шыйфырлоо иштери жүрүп жатат. Буюрса 2 айлык мөөнөт менен бүтөт.

litsej8

Материалдардын келиши жакшы, иштеп жатабыз. Бүгүн крышага керектелүүчү  темирлерге фирманын башчысы кетем деп жатат. Эгер алып келип калса, бүткөн жерин дароо чатырлап баштайбыз. Окуу корпусунун  үстү бүт оңолуп жатат.  Азыр климаттык шартты эске  алып, оңдоо иштери жүрүп жатат.

litsej5

Бул 1978-жылы курулуп ишке берилген.

litsej7

Биздин бир жаман жерибиз өкмөт бизди каржылабайт, өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз, акча каражатын өзүбүз табабыз. Чарбабыз, техникабыз бар, элге кызмат көрсөтөт. Ошол акчабыз менен өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз”.

litsej

“Лицей курулгандан бери тамчы тамчу экен. Кабинеттин баары суу болуп, патолок, полдор да суу болуп жарактан чыкчу. Бизди “Керим” курулуш фирмасы каржылап жатат. 1 жумадан бери иштеп жатабыз. Бүткөндөн кийин корпустун артын  оңдойбуз”- дейт жумушчу Шерматов Садыбакун.litsej2

“Биздин окуу жай 1978-жылы курулган. Ошол жылдан бери оңолуу иштери болгон эмес. Жалпысынан 40 жыл болду. Ушул окуу жайга мамлекет тарабынан акча бөлүнүп, аны оңдотуп берүүгө “Керим”строй фирмасы жеңип алып, биз ремонттоп жатабыз. 40 жылдан бери чатырынан суу тамчылап экинчи кабаттан биринчи кабатка түшө баштаган.

litsej4

Ушул коркунучтан жетекчибиз гранд жазып, оңолуу иштери жүрүп жатат. 5 жылдан бери тамчылап жатат, мурун деле тамчылачу. Оңдоо иштеринин башталганына 10 күн болду. Эң көйгөйлүүсү чатыр болуп жаткан, ал эми ички көйгөйлөрдү өзүбүз каржылап алабыз”- дейт окуу жайдын мугалими Жумабаев Шеркул.

litsej3

 

Автор: Медина Сарбагыш кызы 

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн