“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта областык семинар болуп өттү

25 Октябрь 2016 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны: 277

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде областык деңгээлде  семинар  болду. Ага Нарын областындагы беш райондун мугалимдери келип катышышты.015

Семинарга катышчу меймандарды тозуп алып жаткан кез.019032Бул семинар боюнча Нарын районунун билим берүү башчысы өз ойун мындай деп билдирди.

Мен Болотбек Белеков Нарын районунун билим берүүнүн башчысы болуп иштейм.Бул иш чаранын максаты билим берууну жогорлатуу, окучулардын билимин туура баалого жетишуу болуп эсептелинет.Мектеп семинарга жогорку деңгээлде даярданган десек болот.Мурда мындай семинарлар болуп эле жүрөт биз райондук билим берүү бөлүмү жылдык иш планыбызга киргизебиз жылына 10-20% га чейин мектептерди камтытып семинар өткөрүүгө аракетенебиз.Бул эми областык семинар болуп жатат биздин районубузга темаларды бөлүп берүү менен даярдыкта өткөргүлө деп тапшырма берет. Бүгүнкү  күндө ошо тапшырманы аткардык деп эсептейм.Мындай семинар жыл сайын ушундай жогорку деңгээлде өтүлүп турат.Анан бул уюшулган иш чара аябай жакты мына быйыл тарых жана маданият жылына карата кыргыз көчүү ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары көк бөрүү кыз куумай жана үркүндү  чагылдырышты бул өтө чеберчилик менен өттү десек болот-дейт Болотбек Белеков.030128130Семинарда кыргыз улуттук оюндары чагылдырылды алар:Көк бөрү,топ таш,ак терек-көк терек,кыз куумай жана башка оюндар көрсөтүлдү.049

 

024
072124Ак-Талаа районунун тил илимдеринин мугалиминин Эрнис агай берген маегинде.

Мен Эрнис Турусбеков  Ак-Талаа районунун караштуу Жаны-Тилек айылындагы Байдакон Сулайманов атындагы орто мектебинин тил жана адабият сабагынан мугалим болуп иштейм.Бул иш чарага башынан баштап катышып жатам.Ушул иштин жүрүшүн ошондой эле семинардын жүрүшүндө болуп аткан иш чаралар менен толук таанышып өттүк.Мектеп негизинен семинарга жогоку деңгээлде  даярданыптыр. Аталган мектепте иштегениме бир жарым жыл болгондуктан мындай семинарга биринчи жолу катышып жатам   мурда Бишкектеги семинарларга катышып жүрчүмүн.  Ал жакта мындай жогорку деңгээлдеги семинарлар  болгон эмес.Биз келген аймактан он беш киши келип катыштык.

 

Ал эми Нарын районунун №5 Кычан Жакыпов орто мектебинен келген Азат Жеңишбеков мындай дейт.

Мен Нарын шаарын дагы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинде завуч болуп иштейм.Мага бул иш чара аябай жакты. Окуучулардын иш аракети алдыдагы заманбап техника менен иштешет экен.Эң биринчиден мага аябай жакканы окуучулардын иш чаралары , образга кирип жакшы аткарышты.Ошондой эле кыз куумай улак тартыш үркүндү  чагылдырышты эң жакшы болду.Анан окуучулардын  кыргыз тили сабагына катыштык,окуучулардын ой жуугуртүүсү  жакшы экен.Нарын шаары боюнча мындай семинарлар болуп турат дайыма, бирок мынчалык денгээлде биринчи жолу болуп жатат-деди Азат агай090

Жана келген меймандарга окуучулар тарабынан «Кыргыз көчү»,»Үркүн»көрсөтүлдү.089143158144160Бул семинар боюнча Нарын районунун билим берүү башчысы өз ойун мындай деп билдирди.
176
189

Абдылда Аралбаев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жазгүл Кадыралиева мындай дейт.

Мен Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенем.Бул семинарга Нарын областы боюнча беш райондон келишти Ат-Башы,Жумгал,Ак-Талаа,Кочкор жана Нарын шаарынын мектептеринен.Жалпы 60дан ашык киши келип катышышты.Билим берүүдөгү стратегияларды колдонуу болчу,окучулардын билим сапатын баалоодо маниторингдерди кандай жүргүзүү керек жана баалоонун түрлөрүн кандай колдонушубуз керек сабакта.Буга чейин 3-4 жыл мурун райондук семинарлар болгон Куланак айылында областык деңгээлде боло элек болчу областык деңгээлде мен ушул жумушка келгенден бери башка райондорго ушундай семинарларга катышып келчүмүн.Биздин мектеп “мыкты мектеп”сынагына катышабыз деген оюбуз бар ошондуктан Нарын району да биздин мектепти тандап алышыптыр.Бир жыл мурун эле өтүлөт деген максатта болчу анан жылып отуруп бүгүнкү  күнгө туш болду.Мурда райондук деңгээлде болчу областык деңгээлде боло элек болчу областык деңгээлде мен Жумгал районуна барып катышып келгем.Мындан кийин дагы болуп турат деген ойдомун- дейт Жазгүл эже.

Биз дагы сиздерге ийгилик каалап кетмекчибиз.

автор:Дилде Шатан кызы

тренер:Адамалиев Ырысбай

сынак үчүн