Куланак айылынын тургуну Абдырасулова Чынара айымдын жакын арада эле, эң алгачкы “Көмүскөдө жашаган чындык” аттуу китеби жарык көрдү. Кененирээк биз Чынара айым менен китеп тууралуу маектештик.
“Нарын районунун Куланак айылында төрөлгөм. Ал эми ыр чыгаруум 8-класстан бери пайда болду. 1-2 жылдан кийин ыр жазып баштадым. Нарын программасына чыкчу. Ошол бойдон турмушка чыгып кеттим, бала-бакыра менен алек болуп, эч нерсе жазган жокмун. Кийинчерээк гана анда-санда жазып жүрдүм. Негизинен ыр жазууга жакынмын. Бош убактым болгондо гана жазып калчумун. Азыр пенсиядамын бош убактым көп, карысаң деле ыр чыгаруу жүрөгүңдө калат экен.
Жазгым келди. 20 жылдан бери мугалим болуп эмгектенгендиктен тарбиялык жактан маанисине карап, азыркы жаштарга тарбия болсо деген ой менен ушул китепти жаздым. Бул китепте бомж аял жөнүндө жана эки эгиз кыздын тагдыры жөнүндө баяндалат. Бирок аягын жакшы бүтүрдүм, себеби аягы жакшы болсо деген тилек менен. Баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы бомждарды. Аларды көрүп ушунчалык боорум ооруйт, каарылар үйүндөгүлөрдү көргөндө да зээним кейийт. Ушундай болбосо, бала ата-энесин таштабаса деп ойлойм. Ушул ой менен тарбиялык маанидеги китебим жарык көрүп жатат. Баш аягы бир жума ичинде жаздым. Бул алгачкы китебим, мурун ырларым чыккан, бирок китеп түрүндө эмес.
Буюрса кийинки жылы ырлар жыйнагым чыгат. Дагы ойлорум бар көптөгөн тарбияга ыктаган китептерди жазайын деген. 19-20 жашымдан ырларымды чыгара баштадым. Кичинекей кезимде журналист болсом деген тилегим бар болчу.
Тилекке каршы ал кезде союздун талабына баш ийип, 2-3 жыл механизатор болуп иштедим. Учурда пенсионермин, үйдө неберелерим менен. Ар бир улуу кишинин милдети бул жаштарга акыл-насаатын айтуу, мен бул китебимди жаштарга акыл-насаат болсун деген ой менен туура жолдо жүрүшсүн деп жаздым”- дейт каарманыбыз Абдырасулова.
Ошондой эле биз Чынара айымдын өз калемине таандык ырлары менен да тааныштык.
Жаштарга насаат
Жакшылык кыл бирөөнө колдон келсе,
Бир кезекте ал өзүңө кайтчу нерсе.
Адам болуп жашап өт, адам болуп,
Артыңда атың калат аны эсте.
Умтул улам алдыга белес ашып,
Урмат көргөз улууга эшик ачып.
Кичүүлөрдү ызаттап сый көргөзсөң,
Улгайганда сый көрөсүң андан ашык.
Адал иш кыл, эмгек менен атың чыгар.
Кылган ишиң акыры сага кызмат кылаар.
Эл жериңе кызмат кылып ак иштесең,
Кийинки муун сени менен сыймыктанаар.
Кайраттуу бол!
Кайраттуу бол жаш бала,
Көз артпагын башакага .
Күч-кубат топтоп алга жыл,
Артка кадам таштаба.
Кайраттуу бол кыз бала,
Кылыктангын наздана.
Бирок эрктүү бекем бол,
Ар-намысың таштаба.
Келечегиң тандагың,
Калпыс ишке барбагын.
Азгырыкка чалынбай,
Алга карай чамдагын.
Сырдашым жазган ырларым
Бала кезден сырдашарым ырларым,
Катылган ырларымда сырларым.
Ак баракка тажабай жаза берем,
Жазган ырым жакын курбум сыйларым.
Жаш кезимден бери менин сырдашымсың ,
Эч нерсеге алмаш алгыс курдашымсың.
Ичиме каткан сырдын баарын билген,
Кайгымды кошо тарткан муңдашымсың.
Түшүнбөскө баркы жок жазган ырым,
Айтышаар билем аны мага сынын.
Сын уккандан кайра мен такшаламын,
Жашай бергин ырларым санап кылым.
Мындан тышкары да Чынара айымдын көптөгөн ырлары бар.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн