Шаар көркүн бузуп таштанды салган урналар кой терилерине батпай турат. Ошол себептен Нарын шаарындагы базардан “Тери” деген жазуусу бар жерге барып маек курдук.
-Саламатсызбы өзүңүздү толук таныштырып кетсеңиз?
-Мирбек Токтосуновмун. Базарда тери алып иштейм. Учурда кой терисинин баасы жакшы болбой жатат.
—Себеби эмнеде ?
-Кытай албай жатат, заказ жок. Мурун бир теринин баасы 400-500 сомго чейин барчу. Ошол кезде миллиарддаган көп акчалар кирчү.
-Кой терилери кайда барат.
-Мисалы: биз терилерди Бишкекке ташыйбыз. Кой терилери үчүн 100 000 (жүз миңдеген)акчалар ды алып келчүбүз. Азыр болсо анын баары жок.
-Алынбай жатса кой терилери азыр кайда барып жатат.
Мал сойгон жерден чыккан терилер Кара жайлоосуна кетип жатат. Аяк таштанды болбой эле терилерге толуп кеткен.
—Мындай учурдан кантип чыкса болот деп ойлойсуз?
Эми биринчиден атайын тери иштеткен ишкана болсо жакшы болмок . Көлдүкүндөй. Анан айылдыктар жалкоо болуп бүттү, ашатып көлдөлөң кылып сатса баасы алда канча кымбат болот да.
Ошентип базарда да “тери” деп жазылган жерде кой терисинин баасы жок таштандыга кетип жатканына ынандык. Учурда чоң койдун териси ичегиси менен 20 сомдон экен. Ошондо алган жокпуз дейт биздин каарман.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн.