Куланак айылы бышыкчылуукту келгендиктен ар бир түтүн короосуна жер жемиштерин айдашат. Баарынан өзгөчөлөнүп бышканда келип, алып кеткиле деп тараткан Амангелди ата менен маек курдук.
Жазында эмгектенгенибиздин акыбетин көрүп жатабыз. Жаз менен көчөт дайындап алып отургузуп, помидор, бадыраң,кызылча,чеснок,пияздын, калемпирдин түрлөрүн өстүргөнмүн. Азыр жыйнап жаткан учурум- дейт Куланак айылынын тургуну Амангелди Анарбеков.
Илгертен эле Куланак айылына баары бышарын баса белгилеп төмөндөгүлөргө токтолду.
Илгери Бакан деген орус келип, мындайча айтканда үйрөтүп кеткен. Ошонун жолу менен иштеп жатабыз. Азыр айлапанын баары өздөрү дайындап калды. Базардан албайт.
Эмгектенип багып алып эмне үчүн таратасыз деген сурообузга мындайча жооп берди.
Элдердин көз акысы бар, беремин. Азыркы заман тыйын табат экен. Мен сооп таап жатам дейт Амангелди ата.
Мындай аталардан сабак алган жаштар жакшы жакка барат деп ишениз. Акыл насаатын айткан аталар арабызда көп болсун демекчибиз.
даярдаган: Айзат Түмөнбаева
сынак үчүн