“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Сак болгула! Жугуштуу ылаң карасан.

12 Ноябрь 2016 жыл 8:14
Көрүүлөрдүн саны: 127

Нарын районунун Куланак айылында уйлар арасында карасан  ылаңы көбөйуп кеткендиги айтылууда. Чын төгүнүн бул  макалада баяндайм.

20161111_104732

 Мен бул боюнча алгач эле  айыл өкмөтү Абай Калдарбек улууна кайрылып төмөндөгүдөй кыскача жооп ала алдым.

20161112_110044

Азыркы учурда айыл жергесинде карасан ылаңы катуу журуп жатат деп уккканбыз,бирок биздин айылда андай ал ылаңдан өлгөн уйлар каттала элек.

Өткөндө бир бука өлгөн экен, аны биз мал доктур менен барып текшерүүдөн өткөзгөндө эч кандай карасан кесели  менен өлгөндүгү аныкталган жок.

Бул ооруунун таралуусуна каршы сайылган ваксиналар жеке даарыканалардан алынып,  ал үчүн каражат  уйун эмдеткен тургундардан чогултулуп алынды.

Уйларды эмдөө убагында айрым айыл тургундары каражат жактан кыйналган учурлар болду, биз алардан ваксинанын акчасын алдык, ал эми эмдөөдө каражат жагынан жардам көрсөттүк.

Андан кийин мал-чарбасы менен 23 жылдан бери алек болуп келе жаткан айыл тугуну Бакыт  Давлетов  бизге берген маегинде , уйларын толук эмдөөдөн өткөргөндүгун жана мал доктурлар убагында малдарды даарылап туурарын баса белгиледи.

20161111_110208

Менин азыркы учурда 15 уйум бар.Аларды мен бул оору катуу жүруп жатат деп угаар замат эмдөөдөн өткөрдум.Ваксиналарды алууда  кыйынчылык деле жарлган жок, бирок уйларды эмдөөдө кичине өкмөттөн жардам көрсөтулсө айыл тургундары үчүн жакшы болмок эле.Биздин мал доктур жеке эле уйларды эмес жалпы эле малдарыбызды  убагы менен эле келип текшерүүдөн өткөруп турат.

20161111_104807

Карасан оорусун эмдөө боюнча толугураак малымат алуу максатында Куланак айылынын  мал доктуру  Райымбек Кеңешбековко айыл ичинен табалбагандыктан телефон аркылуу кайрылып, төмөндөгудөй жооп ала алдым.

Азыркы учурда айыл жергесинде карасан оорусуна каршы эмдөө иштери дагы деле журуп жатат.

Айыл тугундар өздөру сайылуучу ваксиналарды алып келишет андан соң  мен эмдөо иштерин жургузөм.

Андан сырткары ваксиналарды өздөрү алышат, ал эми эмдөө акысы ар бир уй башына 10 сомдон тартып сайылат.

Азыркы учурда бул ылаң жугуштуу экенин эскертебиз.Андыктан сак болунуздар!

Автор: Айзат Асанова.

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн.