“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Чылымдын сыртындагы сүрөттөр ойлондурабы

17 Ноябрь 2016 жыл 12:52
Көрүүлөрдүн саны: 65

Акыркы учурда сатыкка чыгып жаткан чылымдарга көнүл оорутарлык сүрөттөр чыгып жатат. Бул сүрөттөр чылым колдонуучуларды ойлондурабы деген темада  маек курдук.

rur-rjr-ryeryo2-1

Бул темада жооп издеп чыкканыбызда чылым колдонуучулар маек куруп беришти, бирок аты жөнүн атоодон жана сүрөткө түшүүдөн баш тартышты.

Биринчи эле биздин каарман 44 жылдан бери чылым чегээрин айтып, анын зыян жактарында баса белгиледи:

rur-rjr-ryeryo3-1

 

Чылымдын аркасынан көп ооруга чалдыктым. Таштайын деп такыр таштай алган жокмун. Көптөгөн зыян жактары бар экен. Чылым чеккениме өкүнөм,

— дейт.

Маегибиз супсак болбосун деп дагы бир айыл тургуну менен маек курдук.Кийинки каарманыбыз дагы чылым колдонуучу болуп чыкты:

8-класстан бери чылым чегем.Жашым 55те.Чылымдын зыянын көп тарттым.Анын кесепетинен өпкөмө 2 жолу операция жасаттым.Жаштарга айтаарым эч качан чылым чекпегиле.

rur-rjr-ryeryo1-1

Сатуучулар маек берүүдөн баш тартышты.

Тренер:Бегимай Талантбек кызы

Даярдаган:Саадат Бейшенбек кызы.