Окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында курулуп жаткан футбол аянтчасынын курулушу кандайдыр бир себептерден улам токтоду. Бул боюнча томондо кенениреек маалымат алмакчыбыз.
Биз бул иш-чаранын токтогондугу канчалык денгеелде чын экендигин билуу максатында жаштар уюмунун башчысы Калыбеков Манап Жекшенбековичке кайрылып , томондогудой жооп алдык :
Бул курулуш иши токтогон жок, болгону суук эрте тушкондугуно байланыштуу, иш убактылуу артка жылдырылды.Кун жылыганда курулуш иштери уланат .
Жогоруда алынган маалыматты толуктоо максатында дене-тарбия жана спорт мугалими Иманов Бейшенбек агайга кайрылдык :
Футбол аянтчасынын фундаментин куйса кургабай тонуп калып, кайра ал жазында эрип ашыкча чыгым жаратат. Ошондуктан ишти жазга калтырууну туура көрдүк. Кун жылыганда кайра баштоо оюбуз бар.
Эске сала кетсек аянтчанын курулушуна айыл тургундары чон салымын кошуп, 200000сомдун тегерегинде каражат чогултушкан .Аянтчаны курууда айылдагы жеке ишкерлер комок коргозушкон.
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Даярдагандар: Эркинай Барыктабасова, Милена Каныбекова, Саадат Бейшенбек кызы