“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мектебибиздин сыймыгы Марлис кызы Айсирен

17 Ноябрь 2016 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 55

А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу “Эң мыкты кат 2016” сыйлыгынын ээси болду. Айсирен менен жакындан таанышу үчүн маек курдук

ajsiren21

Дил баяанды “үркүн” тууралу жазгам. Мен каникул убагында Коңурчук айылында болчумун . Ошол кезде гезитен окуп, апам  дил баян жазуу боюнча сынак жүрүп жатыптыр деди . Ошондуктан өз күчүмдү сынап жазып көрөйүн деп жазгам ,- дейт Айсирен

r-r-sgryos-r-rz20-1

Класс жетекчиси  Аида Жумабаева окуучусунун мындай таланты бар экенин жаңыдан билип жатканын айтат

r-r-sgryos-r-rz-1

Марлис кызы Айсирен 5б  классында  окуйт .  Ал менен абдан сыймыктанып жатам. Ал өзү жоош  жана тыкан кыз.Бугүн үйдө отурсам,  апасы чалып, Айсирен дил баян жазып сыйлыкка ээ болду, класс жетекчиси менен  сыйлыгын чогу тапшырат экен деп- айтты  Айсирен буга чейин эле ырга, бийге катышчу. Эми да анын таланттары өркүндөй берсин демекчимин

Сынакка кантип катышып калганы тууралуу апасы Жайнагүл эже мындай дейт

ajsiren22

 

Каникул убагында “үркүн” тууралуу  жазылган дил баяндар сынагы болуп жатат деп почточу Касмалиева Бурулкан эже айткан. Кызым таенесинин үйүнө кеткендиктен, ага телефон менен билдирдим. Ошол жактан газета-журналдардан, китептерден карап жазып 5 барак кылып  мага салып жиберди. Бурулкан эже аркылуу дил баянды кетирдим. Орун алат деп деле күткөн эмесмин. Анан кызым “Мыкты кат 2016” сыйлыгын алды деди. Бир топко чейин толкундандым. Балдарыңа кичине эле көнүл бурсаң баары болот экен-деди апасы толкунданып.

r-r-sgryos-r-rz16-1

Буга чейин мындай сынактарга катышкан эмесмин. Жеңичүү болгондон кийин  катышкым келип калды- деп Айсирен сөзүн жыйынтыктады.

Тренер:Бегимай Талантбек кызы

Автор: Айдана Сарбагыш кызы, Алиман Назарбек кызы, Айгерим Жыргалбекова

Сынак үчүн