“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Окуучуларды күттүргөн “ Күзгү бал”

19 Ноябрь 2016 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны: 271

 

Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде көпкө күттүргөн 9-10-11- класстар аралыгында  кузгу бал болуп өттү. Балдын канчалык деңгээлде өткөндүгү бул макалада баяндалат.

 

2016-11-13-01-24-51-659

 Бул боюнча алгач эле уюштуруу тобунун мучосү, 11- класстын окуучусу Жылдыз Таалайбек кызы кузгу балды өткөрүүдө көп тоскоолдуктар болгонун жана даярданууга берилген кыска убакыт аралыгында да окуучулардын тыңдыгынан айрым бир номерлер жакшы аткарылгандыгын айтып өттү.

2016-11-12-16-04-52-077-1

 

Бизде областык семинар болуп, көп убакыт өткөрүп ийдик. Ал эми кече тууралу айтсам, негизинен жалпы жонунан жакшы эле деңгээлде болуп жатат кээ бир номерлер жакшы эле даярдык менен чыгып жатат.

Кечеде  эже-агайлар  дагы кызыктуу оюндарга катышып, окуучулардын майрамдык кечелерине  күбө болушту

Ал эми 9- класстын окуучусу Айжаркын Азатбекова Бул майрамды аябай куткөнүн жана  азыркы кече  ага жакбагандыгын айтты.

Мен бул кузгу балга биринчи жолу катышып жатам бул кечени болот деп айтышканда башкача өтөт деп ойлогом, бирок  мага анча деле жаккан жок. Бизге берилген номерлерге дагы жакшы даярдана алган жокбуз.

2016-11-13-02-22-20-063

 

 Ал эми 10- класстын окуучусу Ырыскүл Адамалиева Айжаркындан айырмаланып кече ага аябай жаккандыгын жана эң мыкты деңгээлде даярданганын баса белгиледи.

 

Эң мыкты деңгээлде өттүп жатат десем жаңылышпайм.

Баардыгынын маанайы жакшы.Мага өзгөчө кызыктуу оюндар жагып жатат аларга дагы активдуу катышып жатам.

 Мектепте мындай иш-чаралардын көп-көптөн  өттүп турушун каалайбыз:

Даярдаган: Айзат Асанова.

Тренер:Бегимай Талантбек кызы

 Сынак учүн