11-декабрь куну Куланак айылында жергиликтүү айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдум болгону жатат. Так маалымат алуу үчүн биз шайлоо комиссиясына барып маек куруп келдик
Учкун айыл округу Куланак айылындагы №4051 шайлоо участогу А.Аралбаев орто мектебине жайгаштырылган.
Учурда шайлоо үчүн баардык шарттар түзүлүп, окуулардан өтүп , шайлоо комиссиясы иштеп жатабыз дейт — шайлоо комиссиянын катчысы Анипа Жусупова.
Ал эми төрөгасы Чынгыз Кемелов буларга токтолуп кетти.
“Бул жакта жергиликтүү депутаттарды шайлайбыз жана референдум . Эки шайлоо болгону жатат. Азыркы күндө жыйырма эки киши талапкер болууда. Бул жерде 11 мандат бар, шайлоочу 11 адамды шайлай алат, эгерде 12 же андан ашып кетсе блютень жараксыз болуп калат.Жыйырма бир жаштан өткөн паспорту бар биометрикадан өткөн адамдардын шайлоого катышууга укуктуу.
Даярдык буюрса жакшы тизмелерди тактап, кабардоо баракчаларын таратып жатабыз. Айыл суук болуп жатканына байланыштуу жылыткычтарды иштетип,терезелер жылууланды”
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн