“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мультимедиадагы алгачкы жетишкендик

9 Декабрь 2016 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны: 115

Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.

20161111_144930

Буга чейин kloop.kg сайты тарабынан 6 айлык сынак жүргүзүлгөн. Бүгункү каарманыбыз анын алгачкы жеңүүчүсү. Ал кантип жеңишке жетишкендиги жана анын пайдасы кантип тийип жаткандыгы тууралуу буларды айтып берди:

“Мен Куланак жаматтык мультимедиа борборунда 2013-жылдан бери кабарчы болуп иштеп келе жатам.Буга чейин ыктыярчылар Перизат Кубанычбекованын сынагына катышышкан. Арасында мен да бар элем. Сынак 6 айга чейин созулган. Анын талаптары, шарттары бар болчу.Жыйынтык чыгып, жеңүүчү мен болдум.

Мурун мындай сынактар болгон эмес, ал жарыялангандан бери мультмедиа борборундагы кабарчыларыбыз аябай активдүү катышып “мен дагы жеңүүчү болсом” деген тилек менен ишмердиктери артып жатат.

Смартфондун пайдасы абдан тийүүдө. Себеби буга чейинки 2013-жылы мультимедиага берилген смартфондордун батарейкалары бат-бат өчүп калып жана тартыш болгондуктан, көп тоскоолдуктар болуп турчу. Ал эми өзүмдүн телефонумдун жардамы менен айылда жаңылыктар чыгып калса,убагында маалымат алып, сүрөткө тартып алганга жетишем”-дейт Айзат Түмөнбаева.

Айзат эженин окуучулардан кем калбай, мындай ийгиликтерге жетишип жаткандыгы кесиптештерин кубантат.

 Автор: Уулкан Асанова

Редактор: Бегимай Талантбек кызы

сынак учүн