“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Келечек үчүн эл шайлоого активдүү катышты

13 Декабрь 2016 жыл 14:11
Көрүүлөрдүн саны: 97

Жергиликтуу  Кенешке жана Референдумга карата  шайлоо таза өттү. Кабарчылар бул күнү эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин шайлоо кандай өтүп жаткандыгына көз салып отурушту.

20161211_095406

Айылда 769га жакын түтүн жашайт. Тургундар көп болгондугуна байланыштуу эртең менен эле кезек күтүү башталган.

Куланак айылынын тургуну  шайлоо туурасында өз оюн мындайча билдирип кетти:

“Шайлоо менимче таза эле өтүп жатат. Өзгөчөлүгү биометрикалык каттоо менен өтүп жаткандыгын айтса болот. Мыйзам бузууну деле байкаган жокмун”-дейт Жыргалбек Усупбаев.

img-20161213-wa0003

 Техникалык жактан аппараттар эч кандай кыйынчылыктарды жараткан жок.

20161211_195120

Бирок кезек күтүү боюнча анча-мынча чыр- чатактар болуп жатты.

“Комиссияда 11, урнада 2,  катчыдан 1өө жана оператордон 3 адам,тизмеде болсо 7 киши иш алып барып жатышат. Биометрикадан өтүп, бирок тизмеде жок болуп калгандар да кездешүүдө. Элдер шайлоого активдүү катышууда”- дейт   участкастка төрагасы Чыңгыз Кемелов.

img-20161211-wa0351

Элден сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө бардыгы шайлоо жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын баса белгилешти.

20161211_195420

Төрага Чыңгыз Кемеловдон маалыматты тез-тезден алып турдук. Ар бир берген маалыматында бардыгы өз нугунда бара жаткандыгын айтып жатты.

Саат сегизде жыйынтык чыгып,жалпы шайлоочулардын саны 1716, добуш бергендердики 815, жарактуу бюллетендердин саны 793, ал эми жараксызы 22 болуп чыкты.Бул –Жергиликтуу Кеңешке карата.

img-20161211-wa0350

Ал эми референдум боюнча шайлоочулардын 814ү добуш берсе, 902си катышкан жок.

Депутаттыкка 22 адам талапкерлигин койгон. Алардын ичинен 11 кишиге мандат берилмекчи.

Автор:Бегимай Талантбек кызы

Редактор:Самара Рыскелди кызы

Сынак үчун