Абдылда Аралбаев атындагы Куланак орто мектебинде “ Чебер уздар” кружогу ачылган , бул кружокко кыздар кызыгуу менен катышып кетишет. Кененирээк биз бул макалада баяндап беребиз.
“Чебер уздар” кружогун кол эмгек мугалими Усукеева Гулмира жетектейт. Усукеева Гүлмира эже буларга токтоло кетти.
“Бул кружоктун ачылганына быйыл 10 жылдай болуп калды. Ал эми бул кружокко келген кыздарга түймө түйүүну, сайма сайууну, кийиз менен иштөөнү үйрөтөбүз. Көбүнчө улуттук буюмдарга басым жасайбыз. Бул ачылган кружоктун максаты ата-бабаларыбыздан калган кыргыз элинин каада-салтын унутта калтырбоо, мындан ары да апаларыбыздан калган мурастарды өркүндөтүү болуп саналат.
Ал эми бул кружокко катышып ийгилик жараткан кыздарым да жок эмес. Алар: Кубанычбек кызы Асел, Азатбек кызы Айжаркын деген кыздарым түймө түйүү, курак куроо, улуттук буюмдарды жасоо менен район, областка чейин барып, орундарды алып келишкен. Кийинки келген кыздарым да ушул кыздардай болуп, ийгилик жаратса деген оюм бар” — дейт Усукеева Гулмира эже.
Ал эми буга кошумчалай кетсек кружокко жыл сайын 20-30дай кыз катышат. Быйыл да 30 кыздын тегерегиндей катышып жатышат. Ошол катышуучу кыздардын бири Бейшенбек кызы Саадат менен да маек курдук.
“Мен бул кружокко катышканыма 3 жыл болду. Бул 3 жылдан ичинде мен көп нерселерди үйрөндүм. Мисалы: сайма сайууну, курак куроону, түймө түйүүнү жана башка көп нерселерди үйрөндүм. Ал эми мен да классташтарыма кружокко катышкыла деп дайыма үндөп келем”- дейт.
Бул кружок көптөгөн кыздарды ар түрдүү нерселерге үйрөтүүдө. Кружокко катышкан кыздар мындан ары да ийгилик жарата берүүлөрүн каалап кетмекчибиз.
Автор: Эркинай Барыктабасова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн