Азыркы учурда СПИД оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Куланак айылында СПИДке каршы жөө жүрүш болуп өттү.Бул жөө жүрүшкө айылдын окуучулары,мугалимдери жана айылыбыздын медицина кызматкерлери катышышкан.
Бул боюнча биздин кабарчылар Куланак айылдык УДТнун жетекчиси Сайрагүл Асановага барып берилген суроолорго мындай деп жооп алып келдик.
Мен Сайрагүл Асанова Нарын районуна караштуу Куланак айылында биринчи үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси болуп иштейм. СПИД оорусун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жыл сайын 1-декабрь СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Андан сырткары жер жерлердеги мектеп окуучуларына диктанттар ар кандай диссертатциялар өткөрүлүп, санбилютендер чыгарылып, ошол менен катар айыл ичинде жөө жүрүштөр өткөрүлүп турат. Негизи СПИД ооруусунун кандай жолдор менен жугаарынын ар бир жаран билип алып, ден соолугуна жакшы, кылдат мамиле жазап, өзүн жакшы алып жүрсө деген оюбуз менен СПИДке каршы алдын иштерди жазап жатабыз. Ошол үчүн мен ушул СПИД оорусунун жугуу жолдорун дагы айтып кетсем.1-таза эмес кандардан.2-жыныстык жол менен жугат.3-наркотикалык заттар менен алектенгендер.4-жолу энеден балага жугат.Ушуну ар бир адам жугуу жолдорун билип алса жакшы болот-деди Сайрагүл Асанова.
Өткөрүлгөн жөө жүруш боюнча Нурипа Дондошева жакшы болгондугун баса белгилеп ушу менен эле токтоп калбастан мындан ары да мындай иштер улана берерин билдирди.
Мен Дондошева Нурипа Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде социялдык педагок болуп иштейм. 1-декабрь бүткул дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшү күнү деп жаряланып бир айлыкда биз өзүбүзчө иш план түзүп алып иш алып барып жатабыз мектептерде класстык сааттар өткөрүлүп б1-декабрь күнү ошо жалпы Куланак айылында жүрүш уюштуруп чыгып жатабыз бул жүрүштүн максаты болсо элге СПИД оорусунун кандайча тарайт экенин жана жугуу жолдору жонүндө маалымат берип элге жеткирүү.Андан сырткары ушул иш чарага,жүрүшкө баардыгы болуп мектептен жүз элүүдөн ашык окуучулар он бештей мугалим жана ушул айылдагы медицина кызматкерлери баардыгы болуп жалпы жүрүшкө чыгып отурабыз окуучулар негизинен сегизинчи,тогузунчу,онунчу,он биринчи класстар катышышты баардыгы активтүү катышып өзүлөрү ошо жүрүшкө плакаттарды даярдашышты абдан жакшы денгээлде өттү окуучулардын баарына жеткиликтүү болду.Анан буга чейин жөө жүрүш болгон эмес быйыл биринчи жолу болуп жатат.Бул жөө жүрүшкө окуучулар медицина тармагында иштегендер лидцейде окуган окуучулар жакшы катышып беришти-дейт Нурипа эже.
Мындай массалык иш-чаралар көп болуп турса ооруну алдын алуу женил болот.
Автор:Дилде Шатан кызы
Тренер:Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн