Куланак айылында 25-декабрда волейбол оюуну боюнча мелдеш болуп өттү.Мелдешке айылдын «Аккулан»жаштар уюму демөөрчү болду жана мелдешке кыздардан,балдардан командалар чыгып беттешишти.Бул чыгарылыш боюнча ушу макалабызда баяндап беребиз.
Волейбол оюну боюнча кыздар арасында 1-орунду «Асылзат»командасы ал эми 2-орунду «мектептин кыздары»командасы ээледи.
1-орунду алган»Асылзат»Командасынын копитаны Назгүл Жумалиева мындай дейт.
Мен Назгүл Жумалиева «Асылзат» командасынын копитаны болом бүгүнкү оюн абдан кызыктуу жана жакшы денгээлде болду.Биздин команда 1-оорунду алдык абдан кубанып жатабыз.Бул өткөрүлгөн мелдештин бир жаман жери кыздардан командалар аз болду дагы командалар болсо мындан да кызыктуу болмок деген ойдобуз.Бирок мындай оюундар болуп турса жакшы экен уйдө бош жаткан келиндер келип ойношсо өзүлөрүнүн ден соолугуна да пайдалуу.Дагы көпкөп болуп турушун кааламакчыбыз-дейт Назгул эже
Куланак айылынын «Аккулан»жаштар уюмунун мүчөсү Санжар Калматовдун маегинде.
Мен Калматов Санжар Куланак айылынын «Аккулан»жаштар уюмунун мүчөсүмүн бүгүн биз волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрдүк.Мелдештин байгелерин озүбүз каржыладык 1-орунга кыз-келиндерге 1000сом,мырзаларга 2000сом байге койдук жана громаталарыбызда бар.Оюнда кыз-келиндер арасында 1-оорунду айылдын»Асылзат»командасы,2-оорунду «мектептин кыздары»командасы ээлесе балдар арысында 1-оорунду Куланак айылдык 86-кесиптик лицейинин окуучулары ээлесе,2-оорунду «Куланак»командасы ээледи жана 3-оорунду мектеп окуучулары ээледи.Биздин максатыбыз адамдарды жарандарды ынтымакка достукка чакыруу. Бул оюн жакшы денгээлде болду.Биз жаштар уюуму болуп шайланганыбызга жарым жыл болду буга чейин майда эле нерселерди аткарып жатканбыз эми эле чон-чон иштерди аткарып атабыз жана мындан кийинки пландарыбыз жаны жылга карата карыларга жардам бермекчибиз жана белектерибизди даярдап жатабыз ошону менен бирге улак тартыш,футбол оюундарын өткөзөлү деп жатабыз азыркы учурда-деди жаштар уюумунун мүчөсү Санжар Калматов.
Мектептин атынан мелдешке катышышкан команданын мүчөсү Рахат Маратбеков мындай деп өз ойун билдирди.
Мен Маратбеков Рахат Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусумун биз бул «Аккулан»жаштар уюму өткөрүп жаткан мелдешке мектептин атынан катыштык жана 3-орунду алдык булда болсо жакшы ийгилик биз үчүн мындай мелдештерге буга чейин да катышып байгелүү орундарды ээлеп келгенбиз мындан кийин да катыша бермекчибиз-дейт мектеп окуучусу Рахат Маратбеков.
Мындай иш-чаралар болуп турса айылда өнүгүүлөр болот жана үйүндө бош жаткан адамдар спорт менен машыгып ден соолукту чыңдоошуна жардам берет деген ойдобуз.
Автор:Азима Мамбетова
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн