Тангабийке-Бердике бала-бакчасында 26-29-декабрда жаны жылдык балаты майрамы болду. Бул майрамга бала бакчада тарбияланып жаткан 2жаштан 5жашка чейинки бардык балдар, кыздар катышты/
Бул кече 3күн болгондуктан, күн сайын ар бир тайпанын өнөрлөрү тартууланып жатты.
Бул балаты майрамынын озгочолугу ар бир тайпага ар улуттун каада салты, тамак-ашын чагылдыруу тапшырмалары берилген.
Кеченин журушундо бала бакчанын жетекчиси Таалайкүл Токсобаева каалоо-тилегин айтып өттү.
Майрамга Куланак айылынын депутаттары да күбө болушту.Куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, бөбөктөргө белектерин тапшырышты.
Биз дагы балдарга жакшы маанай жана мугалим эжелерге мындан ары да иштерине ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
Автор: Ырысбай Адамалиев
сынак үчүн