“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Талгатбек Жусуповдун элесине арналган мелдеш болду

7 Январь 2017 жыл 23:39
Көрүүлөрдүн саны: 111

screenshot_2017-01-08-02-24-42

Куланак айылында Талгатбек Жусуповдун жаркын элесине арналган шахмат оюуну боюнча мелдеш болуп өттү.Ал мелдешти Талгатбектин балдары жана кыздары каржылап демөөрчү болуп беришти.


20170107_155912
Жусупов Талгатбектин кызы Айгул Жусупова атасы тууралуу өз оюун мындай деп билдирди.

Мен Жусупова Айгүл Талгатбековна Талгатбектин кызы болом бүгун биз атамдын  элесине арнап шахмат оюунун өткөрүп жатабыз негизинен бул оюунду Өмүралиев Осмонбек жана атам мн чогу иштеген коллективдери уюштуруп берип жатат биз колубуздан келишинче байгелерди коюуп мелдешти болушунча кызыктуу кылууга аракет кылып жататбыз.Дагы да мындай мелдештерди өткөрөбүз деген ойдобуз-дейт кызы Айгүл Талгатбековна.20170107_155712

Оюн абдан кызыктуу жүрүп оюнга айылыбыздын көп жолку жеңүүчүсү Калманбет  Колункулов да келип катышты.Калманбет агайдын маегинде.

Мен Колункулов Калманбет Исаевич,Куланак айылынын тургуну болом.Жусупов Талгатбек агайдын окуучусу болом ал бизге кыргыз  тил сабагынан окуткан жана азыркы учурда билимим жогорку.Негизи агай жөнүндө айтчу сөздөр көп бизда агайдын тарбиясын көргөнбүз,жакшы сөздөрүн укканбыз.Шахматты мен 1971-жылдан 10-класс кезимде үйрөнүп ошондон бери ойноп келем,шахматка байланыштуу жакшы учурлар өттү десем жанылбайм.Куланак айылынын жеңүүчүсү болдум жана студенттер арасында көптөгөн байгелерге жетиштим,буга чейин дагы агайдын элесине арналган мелдештер кө жылдан бери болуп келет алардын да 2 жолку жеңүүчүсүмүн.Бүгүн 12катышуучу катышып жатат жана 20га жакын адам катышчу шартка байланыштуу көбү келе албай калышты.Максатыбыз шахмат оюунунун деңгээлин көтөрүү жана агайыбызды эстеп калуу-деди Калманбет Колункулов бизге берген маегинде.20170107_170735

Жана ушул оюндун катышуучусу Алымбек ата мындай дейт.

Мен Жолбунов Алымбек Куланак айылынын тургуну пенсионермин.Талгатбек Жусупов жөнүндө айтсак ал көп жыл мектепте эмгектен мектептин директору болгонго чейин жетишкен.Бүгүн ошо Талгатбектин жаркын элесине арнап кыздары,балдары демөөрчү болуп оюун өткөрүп жатышкан экен келип катышып жатам,жакшы деңгээлде өтүп жатат мен шахматты абдан жакшы көрөм кээде неберелерим менен ойнойм.Мындай мелдештер көп болуп турса жаштардын акыл эсинин өрчүшүнө жакшы салымын кошмок деген ойдомун-деп жооп берди Алымбек Жолбунов биздин берген суроолорго.20170107_164728

Шахмат оюну адамдардын акыл эсинин өрчүшүно жардамын берет жана мындай акыл  оюндарын көп ойногула демекчибиз.

Автор:Мырзайым Айдарбекова

Тренер:Ырысбай Адамалиев

сынак үчүн