Бүгункү каарманым спорттун бир түрү боюнча бир катар ийгиликтерди жартып келет. Ал жакында эле Иран мамлекетине барып келип, бизге кызыктуу маек куруп берди.

“Мен Русланов Ардак 2003-жылы төрөлгөм. Спортко 9 жашымдан бери кызыгам. Менин бул чөйрөгө келишиме атамдын тийгизген таасири өтө чоң. Күрөшкө 4 жылдан бери катышам.
Ошондон бери спорттун бул түрү менен тынбай машыгып келем. Сабактан тышкары убакытымдын көп бөлүгүн күрөшкө арнайм. Курөштүн аркасы менен ийгиликтерге жетиштим. Кыргызстандын көптөгөн аймактарын кыдырдым. Былтыр Казакстанга да барып келип, байгелүү орундарды камсыздадым. Ал эми мен үчүн эң негизгиси бул Иран мамлекетине барганым болду.
Бул турнир 11 мамлекет арасында өттү. Кыргызстандан жалпы 9 бала катыштык. Куланак айылынан мен жана Таалайбек Бейшенбек уулу экөөбүз бардык.

Кичинекей кезимде күрөш болуп көптөгөн мамлекеттерди кыдырсам деп кыялданчумун. Тилегим акырындап аткарылып жатканына кубанам.
Иранда 4 кун болдук. Алар бизди жылуу тосуп алып мейманканага алып барышты. Биринчи кунү таразага туштук. Кийинки кундөрү болсо мелдеш болду.

Биздин өлкө менен Ирандын айырмачылыктары бир топ экен. Мисалы алардын сааты Кыргызстандыкынан 2 жарым саатка артта болсо, жаратылышы жагынан чолдор басымдуулук кылат. Анан дагы Биздикиндей тоолоруда бар, бирок жапыз экенин байкадым.

Иран чындыгында спорт жаатында да кучтуу мамлекет экен. Анткени бул турнирде биринчиликти дал ушул мамлекет алды. Ал эми биз командабыз менен бешинчи орунду илип кайттык.
Буюрса жазында Туркияда жана Россияда ото турчу турнирлерге трененим Назек Масалиев менен даярданып жатабыз”-дейт келечекте көптү умүттөндүргөн спортсмен.
Жашы 13тө гана болсо да күрөш боюча канчалаган ийгиликтерди багынтып, чет мамлекеттерге чейин чыгып, Кыргызстандын желегин желбиреткен Ардактын мындай аракети кубандырбай койбойт. Алдыда боло турчу мелдештерде да ийгиликтүү катышып келишин каалайбыз.
Сүрөттөр өздүк архивден алынды.
Автор:Самара Рыскелди кызы