Куланак №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда тиш доктур эл кызматында.
Куланак айлылндагы тиш дарыгерине Куланак, Учкун, Жылан арык айылынын тургундары кайрыларын баса белгилейт тиш доктур Айзада Коңурбаева.
2016-жылы февраль айында атайын тиштерди дарылоо үчүн нарын рай больницасынан бор машинасы келген. Учурда иштеп жатат.Ага чейин бор машина жок болгондуктан өз каражатыма сатып алып иштеп келгем. Учурда ооз көндөйүн дарылоо, тишке пломба жана тиш жулуу менен кызмат көрсөтөм.Кайсы учурда тиш ооругандар кайрыларын сурасак кыш айларында кайрыларын айтты. Себеби суук учурда тиш көп ооруйт экен.Көбүнчө мектеп курагындагы балдар кайрылат. Анан дагы Куланак айылынын суусунда фтор жок дейт. Бул тиш үчүн өтө зыян. Ушулдагы чынбы деп калам . Себеби Куланак айыл тургундары менен башка айылдан кайрылган оорулардын диагносторунда айырмачылыктар бар.
Дарыгердин кызмат көрсөтүү акысы.
Атайын Нарын райондук ооруканасынан прейскурант берилет ошонун негизинде гана кызмат көрсөтүлөт. Алар ачык айкын илинип турат.Ооруканада фото пломбу,фото лампа, ренген кызматтары көрсөтүлбөйт. Себеби кызмат кылуу үчүн атайын аппараттардын жоктугу. Эгер болсо ал кызматтарды көрсөтө бермекчибиз.
Тиштерди таза сакташ үчүн ар дайым эки маал тазалап турүү керек. Эртең менен кечинде. Тамактангандан кийин ар дайым жылуу суу менен чайкоо керек антпесе ооз көңдөйүндө тамак аш калдыктары калып эрте бузулууга алып келет.
Ден соолугун таза болсо көңүлүң ардайым ачык болуп сени дайым жакшы ойлор гана коштоп турат демекчибиз.
Автор:Айзат Түмөнбаева.
Сынак үчүн