“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Түймө түйүү менин эрмегим

11 Январь 2017 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны: 167

 Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн апалар көп. Алардын бири Асылкүл апа, үйүндө жөн гана олтурбастан түймө түйүүнү эрмек кылат.

10012017155“Мен Өмүралиева Асылкүл,Куланак айылында төрөлгөм,Куланак айылынан  окуумду аяктагам,ушул эле айылга турмушка чыккам жана үч уул бир кыздын апасы, он неберенин мээримдүү чоң энесимин.”

10012017160

Сиздин колуңуздан жаралган түймөлөрдү  баарыбыз билебиз жана кийип жүрөбүз.

 “Азыркы учурда пенсиядамын жана жөн отурбастан түймө түйүү менен алектенип жатам. Мен негизи түймөнү кичинемден бери эле түйөм мага апам үйрөткөн.”

10012017156

Кыздардын баш кийиминен башка дагы кандай нерселерди түйөсүз?

“Башмактарды, жемпирлерди, баш кийимдерди, кыздар учун сепке жаздыкчаларды, керебетке жабылуучу жабууларды жана шарфтарды түйүү менен убактымды өткөрөм.”

Түймөңүздүн жиптери дагы кооз экен, сиз бул жиптерди кайдан аласыз?

10012017157

“Түймөнүн жиптерин базардан эле килдеп сатып алам. Бир кили 150 сомдон турат.”

 Сиз бул түймөлөрдү заказ аркылуу түйөсүзбү? Көбүнчө эмнелерге заказ беришет?

“Кээде заказ алып дагы түйөм. Көбүнчө жемпирлерге, баш кийимдерге жана кыздардын себине заказдар түшөт.”

10012017159

Заказ берген адамдар түймөгө керектүү жиптерди өздөрү алып келип беришеби же өзүңүз каржылайсызбы?

10012017158

 “Эгер заказ бергендер жиптерин кошо беришсе,анда жиптин баасы кыскартылат.”

Түйгөн кийимдердин жана кыздардын себинин баасы канчадан болот?

 “ Жемпирлерди 500 сомго чейин же андан жогору баада түйөм, ал эми топуларды 150-200 дөн түйөм, кыздардын себи болсо ар кандай баада болот.”

Апанын колунан жаралган эмгектер эл арасына тарап кеткендиктен, сүрөттөрүбүз аз болуп калды.

Автор:Нуриза Асаналиева

Тренер:Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн