17-январь күнү Куланак айылында Учкун айыл өкмөтүнүн отчёттук жыйналышы болду.Жыйналышка эки айылдын тургундары келип күбө болушту.
Бул жыйналышка Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева айыл башчынын отчётун канаттандыраарлык деп таап,мындан ары да ишине ийгилик каалап кетти.
Жыйналышка Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев келбей калганыны себебин Жумаева мындай деп тушундурду:Бишкек шаарында авиякырсык болгондугуна байланыш келбей калды жана айыл тургундарынын суроолоруна акимдин оордуна мен жооп бермекчимин-деди Жумаева.
Учкун айылынын айыл өкмөтүнүн отчёту канаттандыраарлык деп табылып башчы кайра бекитилди,өкмөттүн шайланганына 3ай болсо да жакшы иштер аткарылган.Аткарылган иштеринен кыскача:Айылды жарыктандыруу боюнча жол чырактары коюлган,айылдагы таза суу тартыштыгын чечкен,жаратылыш кырсыктарынан(сел каптоо,көчкү ж.б) алдын ала сактануу үчүн дамбалары кеңейтилип жаны салынгандары да бар-деп отчёт берди айыл өкмөт Абай Калдарбек уулу.
Ушул эле Куланак,Учкун айылдарынын светчиси Кылыч Тостоков мындай дейт.
Буга чейин былтыр 2жыл иштеген айыл өкмөтүбүз мындай отчёт эмес кишиге да көп көрүнгөн эмес.Абай иштегенине 6ай болсо да отчёт берип жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат жана мындан кийинда жакшы ийгиликтерди жаратат деген ойдобуз.Айыл тургундарынын баары эле бул өкмөткө иштешине ишенип жатышат-деди Кылыч Тостоков.
Айыл өкмөтүнүн отчёттук жыйналышына биздин кабарчылар да күбө болдук,билинбегени менен өкмөт көптөгөн иштерди аткарыптыр бизда өкмөткө ийгилик каалап кетмекчибиз.
Даярдагандар:Ырысбай Адамалиев,Самара Рыскелди кызы.