“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта абанын температурасы -40 градуска жетти.

19 Январь 2017 жыл 17:33
Көрүүлөрдүн саны: 143

Куланак айылында быйыл кыш мезгили өтө катуу болуп, абанын температурасы-40 градуска чейин жетти. Кычыраган кышта айыл элинин турмушу кандай өтүп жаткандыгы тууралуу, назар салып көрдүк.

      samara-zharajt33

IMG-20170117-WA0013

Куланак айылынын тургуну Сыдык Жусубалиев сууктун  катуу болгондугун баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Негизи былтыркы жыл аябай эле женил болгон. Мал дагы эттүү болгон дегендей. Ал эми быйыл кар калың түштү.Телевизорлордон  -25 градус деп көрсөтүп жатат. Бирок факты боюнча -40градуска чейин жетип жатат. Мал болсо арык, эмитеден ушундай болуп жатса, жаздын куну эмне болоорун бир кудай билет. Эми “Кундүн жаманы кетет” деп коет. Буюрса кыштан аман-эсен чыгып кетебиз деген үмүттөбүз”-деди.

20170115_162337

Андан тышкары тоюттун кымбаттыгын  дагы кошумчалды Сыдык Жусубалиев.

Быйыл көмүр 3500 сомдон 3800 болсо, чөптүн баасы 120-150сомдун тегерегинде.

20170115_152504

Айрым айыл тургундардын айтымына караганда, кээде малга сууну чакалап ташып беришет. Анткени кар калың жаап өтө суук болгондуктан, сайдагы суу өйдө көтөрүлүп,мал ичүүгө кооптонууну жаратат.

20170115_150340

Ызгаардын кесепетинен кээ бир мал жандыктар ооруп, өлгөндөр да болот.

20170115_151844

20170115_152021

“Кыш мезгили бизге бир топ эле кыйынчылыктарды алып келди. Мисалы, мектепте окуу токтотулду, малга да кыйын болуп атат, андан тышкары көмүр жетишсиз болуп, кээ бирлеринин  үйү жылыбай жатат. Ал эми тоют жагы азырынча өзүбүзгө жетиштүү. Элдики деле жетиштүү болуш керек,”- дейт дагы бир айыл тургуну Бейшенбек Иманов.

Айылдагы кардын калыңдыгы болжол менен 40 см ге чейин жетет.

20170115_151055

Аймакта 2015-жылы да суук катуу болуп, айрымдарынын короосуна чейин муз каптап кеткен эле. Бирок быйыл андай учур каттала элек.

20170115_150157

Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы, Ырысбай Адамалиев.

Мыкты макала” сынагы үчүн