Кыргызстандын жаңы шайланган билим берүү министри Кудайбердиева Гульмира Каримовна 20-январда А. Аралбаев орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту. Нарын өрөөнүндө суук катуу болгондуктан, мындан ары окуу улантылабы, же жокпу? деген маселе каралды.
Министрди Нарын райондук окуу бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков, мектептин директору Чынара Абдыкадырова жана мугалимдер жамааты тосуп алышты.
Мугалимдер Гульмира Кудайбердиевага билим берүү жаатындагы бир канча суроолорду узатышты.
Алардын ичинен эң башкы маселе каникулдун узартылышы же окуунун башталышы туурасында болду.
Гульмира Кудайбердиева Нарын районуна кандай максат менен келгендиги тууралуу буларга токтолду:
“Жалпыга маалым болгондой Нарын областынын көпчүлүк аймагында окуу процесси токтотулган. Ошонун негизинде окуучулар кандай шартта билим алышаары тууралуу таанышайын деп келдим”,- деди ал.
Андан соң мектептин ишке ашкан жаңы долбоорлору менен таанышып өттү.
Жолугушуунун соңунда “Куланак” жамааттык мультимедиа борборунун жаш журналисттери тарабынан чыгарылган гезит тартуу кылынды.
Гезитти министр кубануу менен кабыл алды.
Жыйынтыктын негизинде окуу 23-январдан тарта башталмай болду.
Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы, Айзат Түмөнбаева.
Мыкты макала сынагы үчүн