27 Январь 2017 жыл 18:40
Көрүүлөрдүн саны: 75
Куланак айылында Тилек Чыңгызов жана Байэл Кадыралиевдер кардын жардамы менен автомашина жазап чыгышты.Ал айкелди жазоого 20 күн кеткенин билдиришти.
КуланактагыА.Аралбаев орто мектебинде окуп жатышкан Байэл жана Тилек аттуу окуучулар көлөмү чыныгы машина сыяктуу айкел жазашкан.
«Мен Байэл 11 жаштамын бул айкелди 20 күндө жазадык анан суу чачкандан кийин 3 күн тоңдурдук жана биз өзүбүз эле ойлонуп жазадык ошол менен баары даяр болгондо боёдук.Боёкторун атам өзү алып берди»-дейт Байэл Кадыралиев.
Алардын айтымында айкел дээрлик даяр болуп калды.
Айкелдин авторлорунун бири Тилек Чынгызов айкелди жазоодо көп кыйынчылыктар болгонун айтты.
«Мен Тилек 13 жаштамын.Автомашинаны жазоодо атам,бөбөгүм жардам берди айкелдин идеясы өзүбүгө таандык.
Жазап жатканда көп кыйынчылыктар болду мисалы:күн суук,карды үйгөн,аны таптаган баары эле кыйынчылыктар болуп эсептелет. Буга чейин жазаган эмесбиз бул биринчи айкелибиз,мындан кийин дагы жазайбыз.Айкел жазаган абдан жакты»-деди Тилек Чынгызов.
Эскерте кетсек бул үй бүлөөдө 3жыл мурун айылыбыздагы эң алгачкы сауна ачылган эле. Бизда Тилек жана Байэл аттуу жаш өспүрүмдөрүбүзгө ийгилик каалап,башка балдарга бош убактыларын оюн менен өткөрбөй бир нерсе кылуу менен өткөрүшсө демекчибиз.
Даярдаган:Ырысбай Адамалиев
Мыкты сүрөт сынагы үчүн
Post Views: 75