“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Аз кандуулук оорусун кантип алдын алса болот?

29 Январь 2017 жыл 20:40
Көрүүлөрдүн саны: 93

003Азыркы учурда аз кандуулук оорусу көп катталууда,бирок биз бул ооруга көңүл бурбай өз каалаганыбызды кыла беребиз.Айылда көбүнчө витаминдүү тамактар жокко эсе болгондуктан бир күн ичкен тамагын кайра-кайра кайталап ичип жана көбү күчтүү тамактар айрым организм көтөрө албайт ошону менен ар кандай ооруларга чалдыгып жатабыз.

Аз кандуулук оорусу боюнча куланак айылдык үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асанова бул оору абдан коркунучту оору экенин билдирди.20170116_112931

Аз кандуулук бул жугуштуу оору эмес жана өзүнөн өзү эле пайда болбойт.Учурда мындай оорулар менен катталгандар көп болуп жатат,не болгондон көбөйуп кетиши мүмкүн десек бул адамдардын өзүлөрүнөн болот анткени түрдөп тамак жазагандан эринишет жана күндө ичкен тамагын эле кайра-кайра иче беришет.

Негизи көп оорулар жазында башталат эмесби жаз келгенде бизде доктурларда тыным жок тынбай иштейбиз көбүнчө:»Аз кандуулук»,»сарык»,»грипп,»жана башка көптөгөн оорулар бар.Бул оорулар жазында болгонунун себеби күзүндөгү жазаган салаттар,тамактар жазында түгөнө баштайт анан организм алсыз болуп калат жана башка нерселерди,ооруларды бат кабыл алат ошо менен ооруп калат.Мындай ооруларды алдын алуу үчүн дайым эмдөөлөрдү жазап турабыз.001

Бизге адамдар көбүнчө күчөп башка органдарга таасирин бере баштаганда келип жатышат,ошондуктан биз дарылаганга мүмкүн болбой райондук,областтык ооруканаларга жиберип жатабыз.

Дарыгердин тургундарга айтаар кеңеши. 

Мен эми айыл тургундарга,жалпы эле адамдарга кеңеш берет элем эң биринчиден эле бизге өз убактыларында келишсе деп айтаар элем.Ар бир ооруну белгилери болот мисалы: «Грипп»-грипп болуп ооруган адам абдан алсыз болуп эчнерсеге көңүлү келбейт,чүчкүрөт ж.б ушу белгилер билинсе эле кайрылышса.

Ушундайле айта кетчү нерсе Аз кандуулук оорусу менен оорубаш үчүн дайым витаминдүү тамактарды көп-көп ичиниздер жана жашылча-жемиштерге,мөмө жемиштерге көп көңүл бурбайбыз мындан кийин дайым ичип жеп туралы демекчимин-дейт Сайрабүбү Асанова.005

Негизи өзүбүз кол менен жараткан тамактарды көп жеп ар дайым ден соолугубузга кам көрүп жүрөлү демекчибиз.

Автор: Дилде Шатан кызы.

Тренер: Ырысбай Адамалиев.

Сынак үчүн