Куланакта 28-январда айыл өкмөтүнө талапкерлердин өкмөт болгондо кандай иштерди алып барышаарын элге угузушту. Жыйналышка Куланак жана Учкун айылынын тургундары күбө болушту. Алар ар тараптуу жана кызыктуу суроолорду берип жатышты.
Мында Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары менен биргеликте айыл өкмөткө тандалып алынган талапкерлердин аткара турчу иштерин талкуулашты.
Максаты:1-талапкер мурунку өкмөт айылды кайрадан жарыктандыруу. Эки айылга тең таза суу жеткирүү, үнөмдүү пайдалануу, жалпысынан айылды өнүктүрүү. Ушул эле нерселерди экинчи талапкер дагы аткарарын билдирди.
Жыйналыш жакшы деңгээлде болгонун айтышты айрым катышуучулар.
Ал эми Куланак айылынын депутаты Айгүл Имер кызы буларга токтолду:
Негизи эки талапкердин тең платформалары жакшы экен. Келечекте жакшы иштерди аткарышчудай. Бул талапкерлерден баарын үмүттөнсө болот. Анткени жаш балдар болгондуктан, жакшы иштерди алып барышат деп ишенем»-дейт ал.
Ал эми биз болсо,талапкерлердин иштерине ийгилик каалап, мыктысы жана сөзүнө турганы өтсүн демекчибиз.
Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы,Ырысбай Адамалиев.