“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айыл тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү

1 Февраль 2017 жыл 22:03
Көрүүлөрдүн саны: 60

Куланак айылынын айрым  тургундарына долбоордун негизинде гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Долбоорду айыл өкмөтүнүн  адиси Ишенбек Асанбаев жазган.

042

Бул тууралуу долбоордун жетекчиси төмөндөгүлөрдү айтып берди:

“Мен Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк” программасы менен иш алып барам. Бул жардам дал ушул программанын негизинде жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, турмуш шартын оңдоо максатында ишке ашып жатат.

045

Гуманитардык жардамды аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санын, турмуш шартын аныктап, таратып жатабыз.

016

Жалпы 65 тонна ун, 6,5 тонна литр май менен камсыз болушуп, 285 адамга берилди.

019

Буга чейин да 13 долбоор жазган элем. Алардын бардыгы тең өткөн”,-дейт Ишенбек Асанбаев.

029

Берилген жардам тууралуу айыл тургуну Айныжамал Ускаева мындай дейт:

“Биздин бир топ эле көйгөйлөрүбүздү чечип беришти. Бугункү долбоордун жетекчилерине өзүмдүн жана Куланак элинин атынан ыраазычылыгымды билдирем. Жыл сайын ушундай долбоорлор ишке ашып турса жакшы да»,-деди ал.

Долбоордун негизинде  үй- булөлүк бюджет  жана айыл чарбасы боюнча тренингдер да өтүлүп, ага 200 дөн ашык адам катышкан.

018Ал эми Учкун айыл өкмөтүнүн соцадиси төмөндөгүлөрдү кошумчалады:

“Аталган долбоор 2016-жылдын март айында келген. Жумушсуз калкка бир топ жеңилдиктер болуп жатат.Бул-жакырчылыкты жоюунун бир этабы”,-дейт Анара Балтабаева.

Мындан сырткары айыл жергесинин социалдык объектиси боюнча, жолдорду оңдоо, теплицаларды куруу жана башка көптөгөн долбоорлорду жазып  жатышканын да айтып өттү Ишенбек Асанбаев.

Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы, Ырысбай Адамалиев, Бегимай Талантбек кызы