“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Адеп,ыйман жана маданият жылына карата жер-жерлерде жомоктор коюлууда

5 Февраль 2017 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны: 94

20170202_142703Нарын райондук драма театрынын актёр,актрисалары «Чыпалак бала»жомогун чагылдырып жер-жерлерге коюп жатышат.Бул жолкусу Куланак айылына коюлду.

2-декабрь күнү Куланак айылында Нарын драма театрынын жамааты «Чыпалак бала»жомогун коюп беришти.Ал жомокту театрдын актёр,актрисалары көргөзүштү.20170202_135801

Бул жомоктун жүрүшү боюнча Нарын драм театрынын жетекчиси  Гүлмира Нурдинова мындай деп билдирди.

Бул жомокту биз уюштуруп жатабыз 1-февралдан тарта айылдарга ар кандай жомокторду коюп жатабыз.1-февраль Учкун айылында,2-февраль Куланакда,3-4-февралда Жан-Булак,Достук айылдарында болобуз.Мындан кийин дагы жомокторубуз бар аларды кийинки келгендерибизде көргөзмөкчүбүз-дейт Гүлмира Нурдинова.
20170202_14492720170202_142649

Жомоктун жүрүшүндө көрүүчү Наргиза эже мындай деди.

Мен Капысова Наргиза А.Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими болом.Буга чейин биз кагаз жүзүндө,сүрөттөрдү көргөзүп сабак өтүп жүргөнбүз мындай иш жүзүндө келгени жакшы болду.Окуучулар абдан жакшы  таасир калтырдыго деген ойдомун.Балдардын көп бөлүгү көрдү,жакшы болду-деди Наргиза Капысова.
20170202_14211920170202_135801

Жомоктун каарманынын бири Айгул Сатыбалдиева жомок боюнча өз оюн мындай деп билдирди.

Мен Нарын драма театрында актриса болуп иштейм.Быйыл президенттин жарлыгы менен Ыйман,Адеп жана Маданият жылына карата мектеп окуучуларын ыйманга тарбиялаган «Чыпалак бала»жомогу көргөзүлүп жатат Биз биринчи Учкун айылынан баштадык дагы көптөгөн жомокторубуз бар буйруса жаңы-жаңы жомокторду койобуз деген ойдобуз.Биз 15-февралга чейин жалпы Нарын районун жалпы бала-бакчаларына  жана мектептерине  кыдырып коюп чыгабыз-деди Айгүл Сатыбалдиева.20170202_142828

Азыркы учурда жашы-карысы да жалпы эле интернеттеотурушат ошолорго айтаар элек ар дайым балдарыныздар менен чогу жомоктор болобу активдүү катышыңыздар демекчибиз.

Автор:Дилде Шатан кызы
Тренер:Ырысбай Адамалиев.
Сынак үчүн