“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Интернетпи же китеппи, кайсынысы көп колдонулат?

14 Февраль 2017 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны: 106

Акыркы убакта интернет китептен көп колдонулуп жатат. Бул жөнүндө окуучулар жана ата-энелер кандай ойдо  экендигин төмөндө кененирээк маалымат бермекчибиз.  

Саадат1

А.Аралбаев атындагы орто мектебинин  музыка мугалими Өмүрова Жумагүл эже мындай дейт: “Менин оюмча азыркы учурда китепке кызыккан балдар чанда эле кездешет. Өзүмдүн балама да “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деген китептерди алып келгем. Кичине окуп, окубай калды. Баардык балдар интернетке кирет деп ишенем. Бир чети интернеттен керектүү материалдарды оңой таба аласың ,кызыктуу нерселер көп. Бирок баарыбир мен китепке тартар элем»

20170206_132222

Албетте окуучулар интернетке гана кызыгып, интернетке гана тартат деп ойлогон элек, бирок китепке, интернетке короткон убактысынан да көп убакыт короткон окуучулар бар экенин билдик.

20170209_144854

“Мен интернетке кирем, китеп да окуйм. Интернеттен видеолорду көрөбүз бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз, сүрөттөрдү көрөбүз. Менин телефонум жок, ошондуктан китептерди көп окуйм”- дейт 5б-классынын окуучусу Сайкал Эрнисбек кызы.

Мектептин китепканасынан китеп алып окулабы же такыр эле окулбайбы? Бул суроо дагы көп адамдарды  кызыктыраар деген ойдо мектеп китепканасына көз чаптырдык.

20170208_104657

  “Мен бул мектепте 8 жылдан бери иштеп келе жатам. Ошол учурдан бери баамдаганымда китепке кызыккан балдар чанда гана  кездешет. Көбүнчө 1-класстан 4-класска чейинки балдар китеп сурашат. Ал эми жогорку класстын балдарынын көпчүлүгүндө  уюлдук телефон бар болгондуктан алар келишпейт, келсе дагы көп учурда аларга керектүү китептер жок болот. Алар кызыккан китептер көбүнчө Чыңгыз Айтматовдун китептери жана предметтик китептер”- дейт мектептин китепканачысы Асылкүл Абдраимова.

Саадат2

Мына бул сурамжылоодон кийин интернет көптөрдү  кызыктыраарын  жана  ден –соолукка зыяны бар экенин билдик. Кандай учур болбосун китепти окуганды унутпайлы.

 

 

Автор: Саадат Бейшенбек кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн