“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жаш калемгер

16 Февраль 2017 жыл 8:09
Көрүүлөрдүн саны: 179

Куланак айылдагы А.Аралбаев атындагы 7a классынын окуучусу Исагаалы уулу Бексултандын ыр чыгаруу таланты бар. Жаш калемгер окуучу менен бул макалада баяндап бермекчибиз.

Жаш калемгер Бексултан Исагаалы уулу өзүн жакындан тааныштырып кетти.

“Мен Куланак айылынын А. Аралбаев атындагы орто мектебинде 7а-классынын окуучусумун.

20170215_133754

 

Ыр чыгаруум 1- классымдан бери пайда болду.Буга чейин көп эле ыр чыгардым. Башында көп деле кызыгуум жок болчу, кийинчерээк ыр чыгырганга жакын болуп кеттим. Чыгарган ырларымды гезит-журналдарга берген эмесмин. Атам же апам жактан деле эч ким ыр чыгарчу эмес, өзүм эле ыр чыгарып баштадым.

20170215_133954

 

Бош убактымда китеп окуйм,  досторум менен шахмат ойнойм. Ыр чыгаруудан башка дагы шахмат ойногонго кызыгам.

20170215_133713

Азырынча келечектеги кесибимди ойлоно элекмин”.

Биз Бексултан тууралуу мугалим эжелеринен  да маалымат ала алдык.

Медина1

 

“Мен 7-а классынын класс жетекчисимин. Бексултан менин классымда окуйт. Ал өзү жакшы окуган бала. Токтоо,ойчул бала. Аны ыр жазган таланттуу балдардын катарына киргизем. Көбүнчө сабак учурунда тынч олтуруп, ойлонуп олтурганын көрөм. Буга чейин ыр жазганын билген эмесмин, бир күнү мага келиптир,”эже бул ырды карап берсеңиз, патриоттук ырга кетеби” деп. Бексултандын ырын уксак,чындыгында патриоттук ыр экен. Жүрөккө жеткен ырларды жазат экен. Анын токтоолугу ошондон болуш керек. Ырлары менен өркүндөтүп,ыр жазган эже-агайларынан сабак алып, иштешсе болот”- дейт класс жетекчиси Жаңыл Кыдыралиева.

Медина

 “Акын балам”

Түн караңгы, ай жарык.

Жаркырайт го жылдыздар,

А мен болсо ыр жазып.

Турганмын саат сегизде,

Ыр жазганды жактырам.

Акын болом чоңойсом,

Күчтүү болуп торолсом.

Азыр деле акынмын,

Ыр жазганга жакынмын.

Ал анткени ушуну,

Баардыгына жакынмын.

Керек болсо узартып,

Поэманы жазамын.

Жомоктордо ыр чыгып,

Жакшылап жазып чыгамын.

 “Алыкул Осмонов”

Кыргыздардан акындар, жазуучулар.

Билимди терендетип касуучулар,

Күчтүүлөр, кыйындар, акылдуулар.

Кыгыздарды өнүктүрүп багуучулар,

Көптөгөн кыргыздардан залкар чыккан.

Түгөнбөйт аларды жазып чыксам,

Мисалга бирөөнү алайынчы.

Осмонов Алыкулду айтайынчы,

Жаш кезинен ата-энесинен айрылган.

А бирок алды көздөй умтулган,

Жашоосунда ыр жазганды жакшы көрүп.

Ыр жазганга өзгөчө көңүл бурган,

Таң атканча кирпик какпай отуруп.

Көптөгөн чыгарманы которуп,

Алдына аябай  чоң  максат койгон,

Алмаксат акын болуу гана болгон.

Ыр жазууну түшүнгөн баардыгынан,

Көңүлүндө ырлары жарык жанган.

Ошентип күндөр өтүп, айлар өтүп,

Чыгаан акын кыргыздын болуп калган.

Андан соң китептери чыга берип,

Атагы Алыкулдун алыс кетип.

Максатына алдына койгон жетип,

Алыкулга эми гана кудай берип.

Аял алды балалуу болсом экен деп,

Айтпастан эч кимге бир жаман кеп.

Алыкул бир гана кыздуу болуп,

“Ал кызы бир айдан соң чарчаптыр”- дейт.

Ошентип кургак учук болуп калган,

Аялы ошондо кетип калган.

Алыкул ооруп жүрүп бул оорудан,

Көп ырлары жазылбастан каза тапкан.

 

Мындан тышкары да Бексултандын көптөгөн  ырлары бар. Бексултанга көптөгөн ийгиликтерди кааламакчыбыз.

 

Автор:  Медина Сарбагыш кызы, Айдана Сарбагыш кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы 

Сынак үчүн