“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кызыл Ай коому тарабынан тренинг өткөрүлдү

18 Февраль 2017 жыл 13:32
Көрүүлөрдүн саны: 117

“Кызыл Ай” коомунун окуулары улантылууда бул жолку өтүлгөн окуусу Куланак айылында уланды.Окууда айылдагы ар кандай кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,айыл тургундары жана мектеп окуучулары катышышты.

20170213_111834

Окуунун жүрүшү боюнча Куланак айылынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Эмил Солтоналиев эмне себептен окуулар өтүп жатканын мындайча баяндайт.

«Мен аталган айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адисмин. Бүгүнкү окуунун максаты келечектеги ар кандай кырсыктардын алдын алуу. Биздин айыл өзгөчө сел каптоо коркунучу бар айылга киребиз ошого каршы кандай иш чараларды колдонобуз ошонун негизинде куткаруучу топ түзүлгөн. 2014-жылы ДИПЕКО VIII праграмасынын негизинде азыр команда иштеп жатабыз, мектепте дагы атайын команда түзүлүп,ар кандай машугууларга катышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишип келишти. Бул биздин айыл 1991-жылы союз тарагандан кийин каралбай калган, кийин мамлекетибиз акырындап өнүгүп анан ушул өзгөчө кырдаалдардын жардамы менен бүгүнкү күндө беш объект тазаланып иштеп жатат»-дейт Эмил Солтоналиев.

20170213_123015

 

«Мен Нарын шаарынын улуттук ”Кызыл Ай” коомунун ыктыярчысы болом. Биз ДИПЕКО VIII прогамасында айылдар менен иштешейбиз. Өтө коркунучтуу жерлер бар көбүнчө айылдарда. Бизде тогуз айыл бар. Элдер: кантип алдын алабыз деп таң калышат бирок ошону биз кеңири таратуу толук маалымат берүү, андан сырткары окууларды өтүп турабыз алгачкы жардам эмне экенин түшүндүрөбүз.

20170213_121417

Биз окуткандан кийин ӨКМ ар кандай машыгууларды өткөрүп турат. Бул иш чараларга аябай таңгалуулар болуп жатат»- дейт аталган коомдун ыктыярчысы Наргиза Токтомбаева.

20170213_121950

«Мен улуттук”Кызыл Ай”коомунан келдим кан тапшыруу борборунда иштейм, жалпы калка маалымат жүргүзүү максатында окууларды өткөрүп жатабыз. Булар долбоор болуп эсептелинет, анткени элге маалымат жеткирүү, кан берүү элге зыян эмес деген максатта келдик.

20170213_112148

Азыркы учурда кыргызстан боюнча элдердин кан тапшыруусу аз болуп атат, ошон үчүн биз ушул жылы Нарын шаарынын бардык айыл өкмөтүн кыдырабыз»-деди Нурзат Исламбаева.

20170213_115617

Эскерте кетсек буга чейин дагы мындай окуулар өтүп келген эле жана айрым машыгууларында баяндап берген элек.

Бул окуулардан айыл тургундары жана окуучулар жакшы нерселерди үйрөнө алыштыго деген ойдобуз.

Автор: Дилде Шатан кызы

Тренер: Ырысбай Адамалиев кызы

Сынак үчүн