Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 23- февраль » Ата – Мекенди коргоо күнүнө карата “Мыкты жоокер” сынагы өткөрүлдү . Сынак кандай деңгээлде өткөндүгү тууралуу баяндап бермекчибиз.
Мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Чынара Балтабаева конкурс тууралуу буларды айтты
-А.Аралбаев атындагы орто мектебинин уюштуруучусу болуп иштейм. Биздин мектепте 23-февраль мекенди коргоо күнүнө карата 9 -10- 11-класстар арасында “Мыкты жоокер” сынагы болду, окучуларыбыз абдан жакшы даярданышыптыр. Бүгүнкү конкруска катышкан окуучуларыбызга чыныгы патриот жигиттерден болуп чыгаарына көзүм жетти.Анан бул конкурс жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм.
Сынакта ар бир катышуучу патриоттук ырларын ырдап беришти
Сынактын негизинде саламдашуу,кол күрөш,аркан тартыш,жеке номер жана башка программалар камтылган.
Мындай конкрус жыл сайын февраль айында “Ата мекенди коргооо” күнүнө карата өткөрүлөт.
Конкурста ар бир класстан төрттөн окуучу , жалпы 16 окуучу катышты.
Катышуучулар менен да маек курдук Рахат Марат уулу буларга токтолду
«23-февралга карата “Мыкты жоокер” конкурсу абдан мыкты деңгээлде болуп өттү.Бул конкурска төрт команда катышышып, алардын арасынан биздин команда экинчи орунга илиндик. Калыстар тобу жакшы эле чечим чыгарышты деп ойлойм”-дейт Рахат Марат уулу.
Мен Кыдыралиева Маржабүбү Бек уулу Канаттын апасымын. Бүгүнкү балдардын конкурсу аябай жакшы болуптур. Баардык окуучулардын даярдыгы жакшы экен , ушундай конкурустар дайыма болуп туруусун каалайм. Калыстар тобу жакшы чечим чыгарды деп ойлйом. Мен жыл сайын келип катышып турам.
Бул сынакта 3-орунду 9-классынын окуучулары ,ал эми 2-орунду 10-класстын окуучулары ,1-орунга 11-классынын окуучулары ээ болушту.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн