Куланак айылындагы №14 китепкана 11 жылдан бери иштеп келе жатат. Китепкана тууралуу биз Бактыгүл Усубалиева менен маек куруп келдик.
Куланак айылдык китепканасында иштейм. Китепканадагы фондубуз 4 жарым мин ал эми окурмандарым 786. Анын ичинен окуучу балдар көп.0 жаштан 12 жашка чейинки балдар менен иштейбиз. Ага Хан фондуна долбоор жазганбыз.
Бизди Ага Хан фонду каржылайт. Өспүрүм окурмандарым аябай көп.Мектеп окуучулары, бала-бакчадагы жаш балдар жана ата –энелер балдарына китептерди алып окушат.
Китепкана менен тыгыз байланышта. Ата- энелерге ылайыктуу китептерибиз азыраак.Быйыл жаңы депутаттар шайланды,бизге финансы жагынан каражат бөлүп беришсе дагы көптөгөн китептер келет деген ойдомун- дейт Бактыгүл Усубалиева.
Менин 5 класста окуган балдарым бар. Аларга ушул китепканадан көптөгөн китептерди алып берем.Бул жакта көптөгөн кызыктуу китептер бар. Балдарым китептерди жакшы көрүп окушат.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн