Куланак айылында 3-февраль күнү шайлоо болуп өттү. Шайлоодо эки талапкер платформасын угузушту.
Касымакун Мамырбаев 1979- жылы төрөлгөн учурда 38 жашта, үй-бүлөлүү, жогорку билимдүү, 6 баланын атасы.
Буга чейин айыл округунда айыл башчы болуп эмгектенгем. 2013-жылдан бери эмгектенип келем. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу, мамлекетти башкаруу академиясынын бир жылдык магистратура курсун бүтүп келдим. Кайрадан өз ордумда иштеп жаткам. Жергиликтүү айыл-аймактын шайлоосуна талапкер болуп, өтүм кеттим. 4 жылдык тажрыйбам бар. Өзүмдү даяр кадрмын деп эсептейм. “эл үчүн кызмат кылайын” деп аракеттенип тапшырдым.
Буга чейин платформада өзүмдүн бир топ платформамды тааныштыргам. 7 пунктан турат. Анын ичинде, айылдын өнүгүү планы, элди модернизациялоо, социалдык- экономикалык абалды көтөрүү, таза, кылдат , ак ниет иш алып баруу пландарыбыз бар.
Биз датацияда турабыз. 40%ин өзүбүздүн бюджетибизден каржыласак, калган 60%и датацияда турат. Биринчи кезек инвестиция тартуу. Эл аралык донорлор менен иштөө. Негизи биздин жергиликтүү өз алдынча иштөө боюнча маселебиз бар, 18- беренесинде айыл-өкмөтүн иши боюнча. Ал 4 маселеден турат. Алгачкысы инвестиция тартуу, айылга ар кандай долбоорлорду жазуу.
Буюрса баары алдыда, баардык ишти акырындык менен бүтүрөбүз деген ойдомун.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн