“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга айыл өкмөтүнөн жардам

27 Февраль 2017 жыл 10:36
Көрүүлөрдүн саны: 77

Куланак айылында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан  кандай жеңилдиктер каралган? Бул суроого Куланак айылынын социалдык кызматкери Алмагүл Бейшеналиевадан жооп ала алдык.

20170207_110515-1-1-1

  • Саламатсызбы? Куланак айылында канча мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттодо турат?
  • Саламатчылык, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өз ичинен да бөлүнөт. Жалпы оорунун майыбы 27, бала чагынан майыптар 37, 18 жашка чейинки майыптар 12.  Майыптар күнүндө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каралаган. Өзгөчө 18 жашка чейинки майыптарга көңүл бөлөбүз. Аларды биринчи камсыз кылабыз. Анын ичинен жалпы оорунун майыптарын , жана бала чагынан майыптардын турмушу эң начар үй-бүлөнү аныктап чыгабыз да, аны коммиссияга коёбуз.   Жашоосу начар майыптартарга айыл өкмөтүнүн атынан чакан белектерди беребиз. Андан тышкары айыл өкмөтүнө  көмүр келип калат, кышкысын көмүр менен камсыз кылабыз. Анын ичинен жалгыз бой, жакыр деп да кетет, ошонун ичинен майыптарды кошуп көмүр таратабыз. Аны бухгалтерибиз эсептеп, счет ачып берет. Быйыл 500 кг дан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга таратылып берилди.

20170224_142919

  • Жергиликтүү бийлик тарабынан жеңилдиктер каралганбы?

 

  • Жергиликтүүбийлик тарабынан жеңилдиктер каралган эмес. Биз өзүбүз гана айыл өкмөтүнүн атынан төмөндөгү жардамдарды беребиз.

 

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар мамлекет тарабынан жөлөк пул алышабы? Канча сомдон алышат?

20170217_093619

 

  • Алар ар кандай болот. Группасына жараша I II III группа,оорусунун себебине жараша  жөлөк пул чектелет. 2800 сомдон өйдө 3000сомго чейин, 18  жашка чейинки майыптар 3600 сомдон алышат.

Автор: Медина Сарбагыш кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн