Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” конкурсуна даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн, биз музыка мугалими Өмүрова Жумагүл эже менен маектештик.
“Быйыл “Жаш таланттар” конкурсу Жан-Булак айылында Абылкасым Жутакеев мектебинде өткөнү жатат. Конкурска жылдагыдай эле жобо келди, ошонун негизинде даярданып жатабыз. Ал жободо “музыкалык аспап”деген номерибиз бар болчу. Музыкалык аспабыбыз жоктугуна байланыштуу биз ал номерге даярданбай калдык. Комуз черткенди мен билбегендиктен, окуучуларыбыз комуз үйрөнө албай жатышат. Эгерде мектепте акордеон болсо, анда үйрөтмөкмүн.
Конкурста окуучуларыбыз манасчылык, дастанчылык, учтачылык, бийчилик, ырчылык жана кол өнөрчүлүк боюнча барганы жатышат.
Даярдыктар боюнча токтоло кетсем, сентябрь айынан бери кружоктор өтүлүп жаткан, ошол куржокко катышкан окуучулардын эң жакшыларын тандап алганбыз.
Конкурста ийгиликтерди жараткан окуучулар өрөөндүк “Жаш таланттар” конкурсунан райондук “Жаш таланттар конкурсуна барышат. Мындан мурун “Кара жорго” бийи областтык конкурска чейин барган.
Ошондой эле манасчы кызыбыз Сайкал Токтомушова да көптөгөн ийгиликтерди жараткан”- дейт музыка мугалими Жумагүл Өмүрова.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн