Нарын шаарында MSDS KG коомдук фондунун билим берүү программасынын алкагында “Мектеп маселелерин жакшыртууда IT технологияларын пайдалануу” аттуу 2 күндүк тренинг болуп өттү. Семинарга Нарын шаарынын айрым мектептеринен жана айылдарынан келген мектеп парламентиндеги окуучулар жана мугалимдер катышты.
Аталган тренинг 2 тайпага бөлүнүп өткөрүлүүдө. Биринчи топто Ат- Башы райондук пилоттук мектептер жана Нарын шаары, ал эми экинчи топто Нарын району жана Нарын шаарынын калган мектептеринен келип, жалпысынан 50 мугалим- окуучулар катышууда.
“Долбоор компьютердик программалардын негизинде мектепердин ишин жакшыртуу, антитехнологияларды пайдалануу, кандайдыр бир көйгөй болсо, аларды чечүү, бизнес-долбоорлорду жазуу жана инвестицияларды тартуу, донорлорду издөө максатындаа ишке ашып жатат”,- дейт долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Асан Атабаев.
“Тренингден билим алгандар иштеп, жакшы натыйжа көрсөтүшсө, биз анда бул программаны дагы башка региондорго да жеткиребиз”- деп кошумчалады Атабаев.
Катышуучулар компьютердеги world,excel, power point сыяктуу программаларды да тереңирээк үйрөнүшүүдө.
Борбордук Азия Университетинин профисионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде маалымат технологиялары сабагы боюнча тренер буларга токтолду:
“Биз MSDS KG коомдук фондусу менен кыска мөөнөттүк контрак түзүп, 4 күндүк семинарды өтүп берүүмдү сунушташкан.
Чындыгында окуучулардын эң жөндөмдүүлөрү тандалып келинген экен, бардыгы жогорку маанайда жана өздөрүнүн болгон күч- аракетин жумшап, активдүү катышып жатышат.Бул долбоордун алкагында окуучулар маалымат технологиялары менен кенен таанышып,кошумча билим катары кабыл алышат деген ойдомун”,- дейт долбоордун тренери Улукбек Букарадинов.
Дал ушундай эле семинар мындан эки ай мурун Ош жергесинде да болуп өткөн.
Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1- мектептин орус-тили мугалими Ырыскүл Акматалиева аталган тренингге катышып, чоң тажрыйба алганын айтып өттү.
Ал эми Милена Нурланбекова тренингден жашоосуна керектүү көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алгандыгын айтты.
“Мен негизи өтүлүп жакан программалардын көбүнчөсү менен эле иштеп журчүмүн. Анан башкаларга салыштырмалуу көп эле нерселерди билем деп ойлочумун. Бирок мен билгендерден дагы билбегендерим аябай көп экенин тушүндүм. Учурдан пайдаланып, долбоордун бардык уюштуруучуларына терең ыраазычылымды билдирем”,-дейт мектеп окуучусу.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификат тапшырылды жана уюштуруучулар аларга чон ишеним артарын эскертишти. Эми алар семинардан алган билимдерин башкалар менен бөлүшүп, тренинг өтүшөт жана мектеп парламентинин ишин жакшыртышат.
Даярдаган: Самара Рыскелди кызы, Рыскүл Адамалиева.