“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айылда айыл-чарба иштери боюнча областтык семинар болду.

15 Апрель 2017 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 102

20170410_113604Куланак айылында жазгы айдап-себүү иштери боюнча областтык семинар жыйынтыкталды.Аталган семинарга Нарын областтынын көптөгөн айылдарынан келип күбө болуп кетишти кененирээк ушул макалада.

Бул семинарга Нарын областынын ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов дагы келип күбө болуп өз оюн айтты.
Ал баардык үрөөндөр менен таанышып,техникаларды көрдү жана Нарын толук айдап себүүгө даяр болуп калгандыгын айтып баарына ийгилик каалап кетти.20170410_113338
Окууга айыл тургундары жана башка айылдардын айыл өкмөттөрү келип тажрыйба алмашуу максатында күбө болушту.20170410_110150

«Айыл тургуну Бейшенбек байке өзүнө жакшы нерселерди ала алганын билдирди.20170410_112803

«Эгин айдоо убагы келе жатат ээгинди кандай ыкмалар менен айдоо керек кандай кылыш керек экендигин баарын айтып берди.Бул өткөн семинар биздин талаачылык жумуштарыбызга керектүү экен,ушу менен экинчи жолу болуп жатат буга чейин техникаларды айтып берген болсо мында баардык эгиндердин түрлөрү боюнча айтылды негизинен жакшы болду»-деди Бейшенбек Жусупов.20170410_110110

Нарын Агро-Био борборунун регионалдык филиалдын директору да келип мындай деди.20170410_105609

«Биз Куланакда семинар болуп атканына кубанып атабыз себеби мына жаны ачылып аткан кыргыз агро-био борбордун регионалдык филиалындагы чыгара турган өсүмдүктөрдүн илдеттерине зыянкечтерине каршы дарыларды алып келдик ошону рекламалап алганга жакшы шарт түзүлүп атат.Буга чейин райондук деңгээлде башка жактарда болуп жүргөн,башка райондордо дагы мындан кийин график менен болуп турат»деди Нарынбек Карыбеков.

Семинарда практикалык иштер да көргөзүлүп айыл тургундарын жана конокторду кызыктырды.20170410_111254

Куланак айылынын кампачысы Камчы байке өтүлгөн семинар боюнча мындай деди.
«Мен бүгүнкү өтүлгөн семинар өз деңгээлине жетти жакшы болду.Жакшы акыл-кептер айтылды баарын эсибизге алабыз Куланак айылында болгонуна кыбанычтабыз»-деди кампачы.20170410_111927

Жыйынтыктап кетүүчү нерсе айдап-себүүгө Куланак айылы толугу менен даяр экендигин дагы бир жолу далилдеди.

Автор:Дилде Шатан кызы

Тренер:Ырысбай Адамалиев

Сынак үчүн