“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Түрк лицейинин тестирлөөсү Куланак айылга келди

15 Апрель 2017 жыл 12:38
Көрүүлөрдүн саны: 160

20170411_110457М.Субакожоев атындагы Түрк лицейи тарабынан жыл сайын өтүлүүчү тестирлөө быйылкы кезеги башталып Нарын областына караштуу баардык айылдарда уланууда.

Аталган тестирлөө Куланакта болуп ага алтынчы класстар катышышты жана өз кучтөрүн сынашты.20170411_110237

Бул тестирлөө боюнча аталган Түрк лицейинин завучу Кенержи Мурат мындай деди.

«Биз 2017-жылына карата 6-класстарды кабыл алууга тест алганы келдик А.Аралбаев мектебинен жетимиштей окуучудан тест алдык бул мектепке Учкун,Достук,Сары-Ой,Жан-Булак айылдарында окуган 6-классынын окуучулары келишти.Бул тестин жыйынтыгы он күндөн кийин чыгат жыйынтыгы чыккандан кийин биз өткөн окуучуларга чалып кабар беребиз.Өткөн окуучулардан кайрадан экинчи турдан да тест алабыз.Биз Нарын районунун баардык райондорун кыдырабыз. Лицейге өткөн окуучулар 12000 миңден ашык акча төлөп окушат»-деди Кеңержи Мурат.20170411_133833

Мен Айгерим Сатыбалдиева  А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 6 б-классында окуйм мен лицейге окуш үчүн тест бердим андагы суроолор анча деле оор эмес экен.Бул тестен өтсөм түрк лицейде окуйун деген максаттарым бар.Ата-энем дагы өтүп калсам окууганга уруксат беришти.Мен дагы окуйун деп өзүмдүн билимимди текшерейин дедим.

20170412_123446

Баардык окуучуларга ийгилик каалап аталган түрк лицейине жакшы бал менен өтүп окуп кетиштерине тилектешбиз.

Автор: Дилде Шатан кызы

Тренер:Ырысбай Адамалиев

Сынак учүн