“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айылдагы алдынкы окуучулар экскурцияга барышты

28 Апрель 2017 жыл 13:21
Көрүүлөрдүн саны: 125

Куланак айылындагы А.Аралбаев орто мектебинин окуучулары 26-апрель күнү Нарын районуна экскурцияга барып келишти.Окуучулар Нарын шаарындагы музей менен таанышып чыгышты.

Нарын шаарында мектептер абдан көп ошолордун ичинен Куланак айылы кичинекей айыл болсо да айылдагы А.Аралбаев орто мектебинин алдынкы окуучулары дагы барып област боюнча эң ири ДНК атту музейге кирип толук таанышышты.

Куланак айылынан 7-8-класстарынын окуучулары барып күбө болуп келишти жана аларды Иманкулова Элзада эже менен Кубан агай жетектеп барып келди.

ДНК музейинин иштеген жумушчуларынын бири Канышай Русланова мындай деди.

«Биздин музейге күнүгө окуучулар,улуу муундагы адамдар,жаштар келип турушат.Музейдин Бишкекте дагы 2-3 жерде атайын кеңселерибиз бар,аларга дагы кардарлар барып музей мн таанышып турушат.»

«Бүгүн бизге абдан кызыктуу жана жакшы күн болуп жатат Нарын районундагы музейибизге жалпы Нарын областтарындагы мектептерден окуучулар келип жатышат.Биз атайын мектептердин алдынкы окуучуларын чакырганбыз алар дагы абдан кубанып жатышса керек.Күнүнө жүздөн ашык адам келип музейди көрүп кетишет»-деди Канышай Русланова.

Аталган көргөзмөдөн химиялык айлануулар көгөзүлүп окуучуларды кызыктырды.

Бул экскурцияга барган окуучуларда абдан толкундоолор болуп сүйлөй албай жатышты жана баары эле интервию бергенден баш тартып жатышты.

Окуучулардын окууларына мындан кийинки дагы окууларына ийгилик каалап кетмекчибиз.

Автор:Дилде Шатан кызы

Тренер:Ырысбай Адамалиев

Сынак үчүн