“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Окуучулар Жогорку Кенешке жана «Ата Бейитке» барып келишти

2 Май 2017 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны: 237

А. Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары Жогорку Кенешке жана «Ата- Бейит» мемориалдык комплексине барып келишти. Экскурсияны айылдык кеңештин депутаты Бакай Омуралиев уюштурган. 

Саякатчыларды мектеп окуучулары чакан концерттин коштоосунда узатышты.

Алар жолдо ырдап, толкунданып жаткандарын айтып, аябагандай көңүлдүү барышты.

“Чындыгында көпчүлүк менен жолго чыксан абдан кызыктуу болот экен. Шаарга барганда мындан көңүлдүү болот болуш керек. Мындай иш-чараларды жыл сайын өткөрүп турушун калайм”, –дейт 9-классынын окуучусу Айжаркын Азатбекова.

Экскурсияга 8- класстан 11-класска чейинки жакшы окуган, активисттер тандалып алынып, жалпысынан 20 окуучу жана 5 мугалим барышты.

26- апрелде бардык окуучулар
жана мугалимдер саат 9 да чогулушуп, Жогорку Кеңешке киришти.

Алардын жуздөрүнөн толкундоо, сүйүнүч байкалып турду.

Бардыгы тең сүрөткө түшүшүп, социалдык тармактарына бөлүшүп жатышты.

Жогорку Кеңештин бир топ жерлерин кыдырган соң, жыйын залына киришип, депуттардын талкуулап жаткан  меселелерине күбө болушту.

“Чындыгында бул жерге киргенде бир башкача боло түштүм. Толкундандым.  Бул экскурция мага мындан да жакшы окуганга, келечекке карай умтулууга чоң дем -күч берди десем жаңылышпайм. Ушундай шарт түзүп берип жаткандыгы үчүн Бакай Өмүралиевге терең ыраазычылык билдирем”,-дейт 10-классынын окуучусу Айтолкун Алмазбекова.

Саякатчылар Ак Үйдүн китепканасына да киришип, китепканачы менен чакан маек курушту.

Андан соң партиялардын жыйындар залына киришип, ал жактан экскурсиянын уюштуруучусу окуучуларга диплом тапшырды.

Ушинтип Ак Үйгө 3 сааттай саякат кылган сон туштонушуп, «Ата-Бейитке» сапар тартышты.

Аба -ырайы ысык болгондуктан, жолдон бир аз эс алып алышты.


Куран окулуп, курман болгондорду эскеришти.

Андан сон музейге киришип, баяндамачы аларга «Ата-Бейит» тууралуу айтып берди.

“Бул иш-чаранын  эн негизги максаты- жаштарга стимул берүү”- дейт уюштуруучу. Мындай кийин да жыл сайын ушундай экскурция уюшуруу планында бар  экендигин кошумчалайт Бакай Өмүралиев.

Бакай Өмүралиев 1988- жылы Куланак айылында туулган. Бадырак чыгаруучу

“Макыйдан”  ишканасынын жетекчиси. Учурда айылдык кеңешинин депутаты.

Автор: Рыскелди кызы Самара.