“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Мыкты макала сынагынын авторлору смартфондорго ээ болушту

4 Май 2017 жыл 19:10
Көрүүлөрдүн саны: 129


Нарын районуна караштуу “Куланак” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары айыл жаңылыктарды жазып, сайтка чыгарып, алты ай аралыгында өткөн сынактын жыйынтыгы менен жеңишке жетип,  смартфондорго ээ болушту.

 

Аталган мультимедиа борборунун кабарчылары жана Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 9-классынын окуучулары Медина Сарбагыш кызы менен Дилде  Шатан кызы алты ай аралыгында өз айылдарынын жаңылыктарын Kyrgyzmedia.com сайтына чыгарышып, сынактын жыйынтыгында жеңүүчү деп табылышкан.

Сынактан жеңип чыккан Медина кайсы жаңылыгы коомдун кызыгуусун жаратканын төмөнкүчө баяндады:

— Айылыбыздагы таланттуу эжекебиздин алгачкы китеби жарык көрүп, ошол эже жөнүндө жаңылык жазгам. Жаңылык 170 добуш топтогон. Жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин, күтүүсүздөн болду

Сынакка Мединанын классташы Дилде да катышып смартфонго ээ болгон. Ал мультимедиа борборунда 7-классынан бери мүчө болуп келатканын жана сынакта жеңиш күтүүсүздөн болгонун айтат.

— Ырысбай Адамалиевдин сынагы 2016-жылы сентябрь айында башталган. Ошол сынакта катышып быйыл смартфон жеңүүчүсү болдум. Буга чейин мурда көп жаңылык жазгам, анан быйыл дагы 20дай жаңылык жазып, сынактын жеңүүчүсү болуп калдым. Бул жеңиш мага күтүүсүздөн болду.

Куланак мультимедиа борборунун  жетекчиси Айзат Түмөнбаева жеңүүчүлөрдү куттуктап кетти.

— Телефон жеңип алгандарга ийгилик каалайм. Анан иштеген иштерине буюрса жеңилдик болот, эч кимден телефон сурашпайт, анан булар башкаларга стимул болушат.

Мыкты макала сынагы — Бишкек шаарындагы “Клооп медиа” коомдук фондунун журналистика мектебине катышып келген тренерлер өткөргөн сынак. Сынактар 2016-жылдын сентябрь айында башталып, алты айга созулган. Буга чейинки мыкты макала сынагында “Куланак” жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Айзат Түмөнбаева жана мурдагы кабарчысы Бекназар Дөөлөтбек уулу жеңүүчү болуп, смартфондорго ээ болушкан.

Автор: Уулкан Асанова, Кыял Барыктабасова.