“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Эч ким эч качан унутулбайт

12 Май 2017 жыл 10:58
Көрүүлөрдүн саны: 155

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согушка карата  чакан иш чара уюштурулду. Бул жөнүндө төмөндө кененирээк маалымат алмакчыбыз.

Эң алгач окуучулар жана мугалимдер тарабынан жөө жүрүш уюштурулду. Андан кийин айылыбыздагы согуштун катышуучусу Орозакунов Аскарбек атабыздын атындагы сейил багындагы эстеликке гүл чамбар коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, согушта курман болгон аталарыбызга куран окулду.

А.Аралбаев атындагы орто мектебинин мугалими Бекмырза Калдарбековго кайрылып, иш чара тууралуу төмөндөгүдөй жооп ала алдык.

“Биз бүгүн мектебибизде жеңиштин 72  жылдыгын белгиледик. Алгач окуучулар жана мугалимдер менен  параддын деңгээлинде кылып, сейил бакка  эскерүү кылдык.  Ал эми бул иш  чараны кичинекей балдарга,биз курактууларга, бизден кийинкилерге согуш болгонун, ал согушта аталарыбыздын эмгеги зор экендигин билдирүү максатында уюштурдук”-дейт Калдарбеков.

“ Мен А.Аралбаев атындагы орто мектебини орус тил мугалими болуп эмгектенем. 9-май  бул эсте каларлык көп нерсени ичине камтыган майрам катары биз бала кезибизден бери майрамдап келе жатабыз. Бүгүн да сабакка келгенден баштап мугалимдердин да, окуучуларыбыздын да маанайлары абдан жакшы. Ал эми  ушул айылда жайгашкан Орозакун уулу Аскарбек атындагы сейил бакка  барып, согушта курман болгон аталарыбыздын эстелигине гүлчамбар коюп, эскерүү мүнөттөрүнө катышып келдик.

Андан кийин окуучулардын күчү менен даярдалган салтанаттуу линейкага күбө болдук.

Бул линейкада окуучулар 1941-жылдан 1945-жылга чейинки окуяларды эң мыкты деңгээлде чагылдырып беришти. Бул линейканы орус тилинде  көрдүк. Бул линейкага катышкан окуучулардын бардыгында патриоттук сезим ойгонуп, Ата Мекенди коргоого өзүлөрүн даярдоого мүмкүнчүлүк алышты го деп ойлойбуз.

Согуш жылдарындагы ырлар бизди дагы өтө толкундантып койду. Мындан ары жер шарында согуш эч         качан болбосун, ылайым тынчтык болуп, балдарыбыз тынчтыктын ырын ырдап жүрө беришсин”-дейт Кабыкеева.

Ал эми окуучулардын бири  Альбина Болот кызы  өз оюн биз менен бөлүшө кетти.

“Бүгүнкү иш чара менин оюмча эң  мыкты денгээлде өттү. Мурда согуш кандай болгонун, элибиз кандай кыйынчылыктарды көргөнүн эсибизге салды. Ал эми мен бул иш чаралардан өзүмө көп тарбиялык маанини ала алдым жана согушта курман болгон аталарыбызды эч качан унутпай эсибизге сактап, жүрөгүбүзгө туюп жүрушубүз керек экендигин түшүндүм”-деди ал.

 Тилекке каршы биздин айылыбызда согуш  ардагерлеринин көздөрү өтүп кеткен. Тылда иштеген ардагерлерибиздин катары суюлууда. Бирок биз алардын эмгегин эч качан унутпайбыз. Анткени алар бизге дал ушул жашоону тартуулашкан.  Алардын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.

Автор:Эркинай Барыктабасова.