“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Балага кенже куракта эле тарбиялоо

19 Июнь 2017 жыл 20:25
Көрүүлөрдүн саны: 234

Кенже курактагы балдарды тарбиялоо  аттуу  семинар тренинг  “Тангабийке- Бердике бала бакчасында”  болуп өттү. Семинарга  ата –энелер, бакчанын тарбиячылары, тарбиялануучулары жана “Ага- Хан” фондунан  эксперт катары Назгүл  келип катышты.

Аталган бала бакчада  0 жаштан 3 жашка чейинки  кенже курактагы балдардын тил өстүрүү,ой жүгүртүүсүн эрте кантип ойготуу темасында сөз болду.

Семинар учурунда атайын роликтер көрсөтүлүп, аларга карата  талкуулар болгон соң атайын тарбиячылардын жана бөбөктөрдүн жардамы менен кайрадан мисалдар көрсөтүлдү. Ар бир көрсөтүлгөн мисалдар турмуштан алынгандыктан түшүнүктүү болуп  улам кызыгууну жаратып жатты. Андан соң катышуучуларды  бала бакчанын тарбиялануучулары ойногон оюндар менен топ топко бөлүп  ойнотушту.

Мен  семинар болот деп чакырышканынан кош бойлуу  болсом келбей эле коёюн деп жатып келгем. Көрсө  наристени курсакта жатканда эле тарбиялаш керек экен да. Атайын мисалдар менен көрсөтүп, өзүмда  ролдоштурулган оюндарга катышканда ынандым – дейт  Жылдыз Абдразакова.

Учурда декретттик  отпускада болсо дагы атайын келген  Айгүл эже буларга токтолду.

Үйдө балдарды тарбиялап жатканда бала кантип өсүп жатканына көп маани бербейт экенбиз. Уулумду көтөрүп алып келгем.  Айланасы өзгөрүп калгандыктан  өзү 10 айлык болсодагы ар бир нерсеге аяр мамиле жасап жатканына маани бердим. Анандагы  өзүнө жаккан нерсени жасап, жакпаса мага башын катып туруп берди.

Ой балабызды бакчага берип койдук, тарбиялашат, анан мектеп тарбиялайт деп балдарыбызга көңүл бурбайт экен биз да. Көрсө бакчага чейин эле курсактан башталат тура.  Бакчадан келгенден кийин деле тилин өстүрүү үчүн көп суроолорду толук берип, толук жооп алганга үйрөтүш керек экен. Биз болсо ойнодуңбу, уктадыңбы,тойдуңбу деп коёбуз. Антпей  кандай оюндарды ойнодуң, каша жедим десе кандай экен, арасына эмнелер кошулуптур деп сөзгө тартышыбыз керек  тура дейт ата эне Замира Абдырасулова.

Бул семинар атайын “Ага-хан” фондусунан каржыланып, буга чейин тарбиячылар, жана директорлор окуп келген. Атайын алган билимин кайрадан жайылтуу максатында тарбиячылар өтүп жатат. Буга чейин атайын эксперт болуп көп эле бала бакчалардын семинарларына катышкам. Бул жакта болсо салыштырмалуу жогорку деңгээлде өттү. Ата-энелер да бөбөктөр да активдүү катышып беришти. Эгер алган билимдерин турмушта колдонушса келечек муундун  тарбиясы үчүн  чооң таасирин тийгизерине толук ишенем.

Даярдаган : Айзат Түмөнбаева.