“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Кыркын маалында 70-80 ге чейин кой кыркам.

4 Июль 2017 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 162

Өзү тракторист болсодагы көп кырдуу өнөрдүн ээси Нургазы Кыдыралиев: “жасаган жумуштарымдын баарын жакшы көрүп эргүү менен жасайм”-  дейт.

Айыл тургуну, мектепте оператор болуп иштеген байкенин өнөр казынасы менен тааныштык.

Ушул айылда туулуп өстүм. Бойго жетткенде эле чабан болуп иштедим, кочкор,саан уй бактым. Ошол учурда кыркын учурунда кой кыркып жүрүп бир кесиптин ээси болуп калдым дейт.

Учурда кой кырккан маалда күнүнө 70- 80 ге чейин кой кырккан агабыз, огрегат менен да кайчы менен да кыркаарын баса белгилейт.

Свет жеткиликтүү болгон жерлерде өзүмдүн куралымды ала барып кыркып келем, болбосо кайчы менен кырка берем. Кайчы менен кыркканда 40 чамалап кыркам. Койлор семиз, жүнү жакшы болсо кыркынчыга жеңил болот.

Мектепте оператор болуп иштейт экенсиз, атайын  билимиңиз барбы деп кызыкканда мындай жооп алдык.

-Өзүмдүн билимим тракторист. Бирок башка кызматтар менен алектенем. Колхоз тараганда жумушсуз калып эле светчиликти  өзүм эле  үйрөнүп алдым, кызыгуум бар болчу. Айылда 4 жылы светчи болуп иштедим. Азыр мектептин операторлук кызматында иштейм.  Ал жерден сантехниктин, плотниктин жумуштарын өзүбүз эле жасайбыз.

Айылдаштарынын керектен чыкты деген бут кийимдерин, свет менен иштеген буюмдарына кайрадан жан берээрин да жакшы билебиз.

 —Кайрылган кошуна колоңдордун  плитка, нан башыргыч, суу жылыткыч, ток самоорлоун оңдоп берем. Кээде бут кийимдерди да тамандап, кыдырата тигем.  Негизи бут кийимди жаңы алганда эле такалап, тамандап, кыдырата тиктирип алса көбүрөөк кызмат кылат. Ошондуктан үйдүкүн эртеле жасап алам. Анан кайрылгандардыкын жасап берем.

 

Кызмат акыңыз кандай болот деп сурап мындай жооп алдык.

-Койдун башын кыркынчылар быйыл  35 сомдон кырктык. Былтыр деле  ошол баа болчу. Калган кызматтарыма баа койбойм. Жарактан чыккан материалдарын алдыртып алып эле жасап берем.

Короонун ичинде бош оорун жок экен дегенибизде.

-Биздин айыл бышыкчылыктуу. Колуман келгенин эгип койюп жайлай багып жыйнап алам.

Колуңуздан көп нерсе келет экен, кайсы кесипке көбүрөөк басым жасайсыз?

-Мага баары жагат, өзүм кызыгып үйрөнүп алгандан кийин баарын тең элге эргүү  менен жасайм. Дагы деле көп нерселерди үйрөнүп алгым келет. «Жигитке 70 өнөр аздык кылат» дегендей.

Сүрөт: Мырзайым Болдубек кызы.

Даярдаган:Айзат Түмөнбаева