“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Өз кесибинен бактысын тапкан Чолпонбүбү Дүйшөбаева эже

16 Июль 2017 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны: 90

Айылдагы мал доктур эже  кесибин 8 класс кезинде эле тандап алган. Учурда  ылаңдаган малдарды даарылап, кесерва, грыжаларын операция жасап  айыктырып келет.

 Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында  1963-жылы туулгам. Кара-Тоо айылына ата-энем көчүп келишип, ошол айылдагы  орто мектептен 8 класска чейин окудум. Окуу жылы аяктап калган кезде мектепке кесиптик лицейден мугалимдери келип окуу жайга окусаңар 30 сомдон стипендия аласыңар десе тапшырып алгам –дейт, биздин каарман.

Себеби эже  карапайым  үйбүлөдө өскөндүктөн кесиптин ээси болуу  деле кызыктырбай, айына берилген  акча кызыктырганын баса белгилейт.

Окуп жүрүп  айылга келсем атам кайсы касиптин ээси болосуң дегенде гана барып сурасам электриктин окуусунда окуйт экемин. Атама айтсам ырас болгон турбайбы светчи Шамшыны ээрчип столбаларга чыгасың,- деп ызалантты.  Анан бул  кесип кыздарга ылайыгы жок экен деп  мугалимдерге барсам , кыздарга ылайыктуусу деп “ветеринария ” группасына которуп коюшту. Окуп жүргөндө малдарга ийне сайып кызыгуу пайда болгон.

Кесиптик  лицейди ийгиликтүү аяктагандан кийин 1982-жылы  Нарын айыл чарба техникумунуна тапшырып, 1985-жылы кызыл диплом менен  окуусун аяктаган.Окуу жайда окуп жүргөндө  жолдошу Тилебек менен таанышып турмуш курган. Окууну аяктагандан кийин аталган техникумда  12 жыл мугалим болуп иштеп, Тилебек агайдын жумушуна байланыштуу Куланак айылына көчүп келишкен. Учурда 1 кызы 2 уулу бар. Неберелүү да болушкан.

Айылга келгенден  эле кесиптик лицейге мугалим , көмөкчү чарбасында вет врач болуп эмгектенип келе жатам. Мал дарылоо учурда ар кандай кызыктуу фактылар болот. М: венасына тамчылатам  десем,  мал турмак беле деп ээлери таңгалат. Арак алып келдесем, ичип алып кантип даарылайсын дешет . Аны мен ичпейм, малга берип, оорутуну сездирбегенге . Кыскасы аракты наркоз катары колдоном.

Эженин айылга көчүп келиши өз кызматын дагы мыктылап жасаганга чоң өбөлгө болгон. Себеби айылда мал менен аралашып, көптөгөн нерселерди өзүнүн практикасында колдонгонго  мүмкүнчүлүк  өтө көп.

Арт жагыма кылчайып карасам, мен 30 сом акчага кызыкпай эле, ошондо өз келечегиме, бактыма жол ачып алган экемин. Ким билет ал окуу жайга барбасам мени атам окутат беле же окубай калмак белем билбейм. Менин аркам менен менден кийинки бир туугандарым мен окуган окууну окушту. Балдарыбыз болсо ветеринар болбойбуз. Малдын богун чогулткубуз келбейт деп бул кесипти тандабай коюшту.

Көп айымдардай эле эже үйдө мыкты кожейке.  Үйдүн ичин  гүл менен толтурган, малдын ич эттеринен кызыктуу ар кандай жаныбарларды жасап дасторконго көрк берет. Мунун баарын эже менин хоббим деп эсептейт.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Айрым сүрөттөр  өздүк архивден  алынды.

Сынак үчүн.