“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Тынчтык күнү белгиленди

28 Сентябрь 2017 жыл 18:19
Көрүүлөрдүн саны: 313

Нарын районуна караштуу  Куланак айылынын А.Аралбаев орто мектебинде 21-сентябрь Дүйнөлүк тынчтык күнүнө карата иш чара болуп өттү.

Бул иш чара  жакшы деңгээлде өтту. Анда окуучулар асфалтька сурот тартып,тынчтыктын ырын ырдап,көңүлдүү жүрүштү.

А.Аралбаев атындагы орто мектебинин математика мугалими Жумабаева Аида   суроолорубузга  төмөндөгүдөй жооп берди:”Бүгүнкү акция атайын 21-сентябрь “Дүйнөлүк  тынчтык күнүнө” карата “Тынчтыкты сактайлы” аттуу  девиз менен уюштурулду.Баарыбыз эле билсек керек, көгүчкөн тынчтыктын символу. Ошол  себептен көгүчкөндөрдү  да учурдук. Менин оюмча бул акция баардыгына жакты деп ойлойм. Себеби бүгүн балдардын жүзүнөн кубанычты гана көрө алдым. Ал эми бул иш чараны уюштурууда эч кандай кыйынчылыктар болгон жок десем жаңылышпайм.Биз бул боюнча ар бир класска тапшырмаларды бөлүп бергенбиз жана алар өз тапшырмаларын абдан так аткарышты”

5”Б” классынын окуучусу Журсунбек кызы Айжамал мындай  дейт: “Бул иш чара  көңүлүмө абдан жакты. Окуучулардын бийлегендерин,ырдагандарын  көрүп абдан сыймыктандым. Бул иш чарадан   мен өзүмө көп нерселерди  ала алдым десем болот. Дүйнөдө ар дайым тынчтык болуусун каалайм.”

Ал эми бул иш чара концерттик программа менен  коштолду.  Анын катышуучусу Абдыраимова Айсулуунун айтымында: Мага бүгүнкү иш чара абдан жакты. Биз тынчтыкктын символу болгон   көгүчкөндөрду  учурдук.Андан кийин окуучулардын күчү менен даярдалган иш чарага күбө болдук.  Менин кааларым дуйнөдө ар дайым тынчтык болсун.Ар дайым ушинтип тынчтыктын ырын ырдап жүрөт берели.”-деген каалоосун билдирди.

Биз дагы дүйнөдө тынчтык болушун каалайбыз.

 

Авторлор: Эркинай Барыктабасова, Рахат Нурбек кызы.