“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында Памирдик кыргыздарды тосуу даярдыгы жүрүп жатат.

12 Октябрь 2017 жыл 19:26
Көрүүлөрдүн саны: 45

«Биринчилерден болуп Куланак айылына Памирлик кыргыздар келип, айылыбыздын №86 кесиптик лицейдин жатаканасына отурукташышат.Бул тууралу биз лицейдин директору Малик Шаршенбековдон маалымат алып келдик».

«Бул 2007-жылы чыккан токтом,чет өлкөдө жашаган этникалык  кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү. Бирок ошол ишке ашпай жатып мына бүгүн өкмөт Ооганстандагы улуу Памир кичүү Памирдеги адамдарды көчүрүп келгени жатат.Бирок азырынча толук баардык адамдарды көчүрүп келүүдө маселелер жаралууда.

Анткени алардын арасынан кээ бирлеринин паспорту жок.Биздин айылга негизинен 8 үй бүлөө келет баардыгы биригип 50 адам болот.Алардын арасында бала-бакча жашындагы бөбөктөр,мектеп жашындагылар бар экен.Баардыгы сабатсыз ошол үчүн мектептен башталгыч билим берүүчү мугалимдер өзүнчө окутуу кабинеттерди жазашты.

Бала бакчадан тарбиячылар өзүнчө кабинет даярдашты ошондой эле  бейтап канадан дарыгер келип аларды көзөмөлдөп турат.

Келгенден кийин бала-бакчанын тарбиясын беришет жана окутушат.Алар келип отурукташчу жай да өткөн жылы капиталдык ремонттон өткөн ичинде баардык шарттары менен

 

 

Болгону жылуу жууркандардан гана кичине кемчиликтерибиз бар.

 

Негизинен   эки үч ай жашайт дешкен бирок жазга чейин жашашат деген ойдомун».

«Буйурса биздин даярдыктарыбыз жакшы ар бир бөлмөнү жууп тазалап жашаганга шарт түзүп жатабыз, баардык мекемелерден келип жардамын беришти.Жалпысынан алганда даярдыктар толугу менен бүттү»

— дейт лицейдин  бөлүм башчысы Ибраева Жүзүмкан.

Автор:Медина Сарбагыш кызы Дилде Шатан кызы